Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жыл 29-январы №3/16
Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуш кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Давлеталы уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 28-январь 2025-жылы чыгарган корутундусун карап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айылындагы “Нурмолдо” эс алуу паркын реконструкциялоо үчүн даярдалган 34 169 460 (отуз төрт млн бир жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз алтымыш) сомдук долбоордун ичинен 23 000 000 (жыйырма үч млн) сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна сунушталсын, ал эми 11 169 460 (он бир млн бир жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз алтымыш) сому жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
2. Сунушталган долбоор боюнча иш жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Д. Акпаралыев |