Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жыл 29-январы №3/20
Достук айылындагы ички көчөгө ат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобосуна ылайык айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 28-январь 2025-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Достук айылындагы аты жок ички көчөгө башкы план боюнча 1-30 чейин Чырканак- Сай деп атоого макулдук берилсин.
2. Аталган көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жерлеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык, көчөдөгү турак үйлөрдүн катар сандары такталып, тактайчалары (табличка) белгиленсин.
3. Көчөнүн катар сандарын тактап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Д. Акпаралыев |