Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңештин кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 28-февралы № 5/1
Кара-Бүргөн айыл аймагындагы турак жай имараты жана жайлардын салык ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө 2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 ”Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 379-беренесине ылайык, Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
1.Кара-Бүргөн айыл аймагындагы турак жай имараты жана жайлардын салык ставкасынын баасы 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кемелов |