Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-марты № 152
Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө
“Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин 3-бөлүгүн аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
3) баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын аналогдорунун өлчөмдөрүн аныктоо критерийлери жана алардын өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-октябрындагы № 753 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-сентябрындагы № 558 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралдагы № 54 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу тартиби жөнүндө” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-январдагы № 22 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрдагы № 555 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 400 “Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-декабрындагы № 831 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 362 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 535 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 469 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 633 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |