Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңештин кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 7-марты № 6/1
Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасындагы 4,0 га жер аянтын таза суу курулмаларын куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндӨ
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 6-мартындагы №01-4/36 “Кара-Бүргѳн айыл аймагындагы Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасындагы 2,0 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” жана 2025-жылдын 6-мартындагы №01-4/37 “Кара-Бүргѳн айыл аймагындагы Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасындагы 2,0 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” буйругунун негизинде Кара-Бургөн айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргѳн айыл аймагынын Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасынын № 1297-контурундагы жалпы (4,0 га) жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга алынсын.
2. Кара-Бүргѳн айыл аймагынын Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасынын № 1297-контурундагы жалпы (2,0 га) өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясындагы жер аянты Жаны-Тилек айылына таза суу курулмаларын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Кара-Бүргѳн айыл аймагынын Ак-Чий айылынын Балбан-Таш участкасынын № 1297-контурундагы жалпы (2,0 га) өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясындагы жер аянты Ак-Тилек айылына таза суу курулмаларын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кемелов |