Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңештин кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 7-марты № 6/2
Кара-Бүргөн айыл аймагындагы инвентаризациядан өткөн арык каналдарды муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” № 207 токтомунун негизинде, Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө”№ 207 токтомунун негизинде инвентаризация аркылуу такталган төмөндөгү арык каналдар Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын:
-Ак-Чий айылына тиешелүү Жаңы-Чегиртке каналы -13,00 км
-Ак-Чий айылына тиешелүү Эски Чегиртке каналы -31,10 км
Баары- 44,10 км арык каналдар.
-Кара-Бүргөн айылына тиешелүү Чоң-Көк-Колот, Кичи-Көк-Колот, Тай-Сарай каналдары -15,692 км
-БДР Көк-Колот- сыйымдуулугу 0,175 млн м3
-Кара-Бүргөн айылына тиешелүү Кемеге-Кайырма каналы- 15,348 км
-Кара-Бүргөн айылына тиешелүү Чегирке каналы-18,79 км
-БСР Чегиртке- сыйымдуулугу 0,190 млн м3
Баары-49,83 км арык каналдар
2. Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Ак-Чий айылына тиешелүү 44,10 км арык каналдарга жана Кара-Бүргөн айылына тиешелүү 49,83 км арык каналдарга баалоо жүргүзүү жалпы 93,93 км арык каналдардын, 1 БСР, 1 БДР документтери менен камсыздоо жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Тийиштүү мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Ак-Чий айылына тиешелүү 44,10 км арык каналдар жана Кара-Бүргөн айылына тиешелүү 49,83 км арык каналдар Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.
4. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Кемелов |