Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын IV сессиясы
2025-жылынын 21-февралы №24
«Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн сунушу жана Абды Суеркулов айылдык кенешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылынын Кашка-Суу жайлоосунун Боор-Теке суусунун боюнан чакан ГЭС курууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн сунушу жана Абды Суеркулов айылдык кенешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылынын Кашка-Суу жайлоосунун Боор-Теке суусунун боюнан чакан ГЭС курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын IV сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн сунушу жана Абды Суеркулов айылдык кенешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 13.02.2025-жылдагы №1-отурумунун корутундусунун негизинде Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылынын Кашка-Суу жайлоосунун Боор-Теке суусунун боюнан чакан ГЭС курууга төмөндөгү контурлардагы жер аянттарына макулдук берилсин:
-№469-контурунан 1,43га жер аянтына;
-№474 –контурунан 1,23га жер аянтына;
-№475 –контурунан 0,10га жер аянтына;
-№477 –контурунан 1,39га жер аянтына;
-№478 –контурунан 0,38га жер аянтына;
-№479 –контурунан 1,09га жер аянтына;
-№480 –контурунан 1,52га жер аянтына;
-№636 –контурунан 0,44га жер аянтына;
-№640 –контурунан 0,91га жер аянтына;
-№641 –контурунан 0,22га жер аянтына;
-№642 –контурунан 0,28га жер аянтына;
-№645 –контурунан 0,98га жер аянтына;
-№646 –контурунан 0,39га жер аянтына;
-№647 –контурунан 0,68га жер аянтына;
-№648 –контурунан 2,7га жер аянтына;
-№649 –контурунан 0,11га жер аянтына;
-№650 –контурунан 0,66га жер аянтына;
Жалпы 14,5га жер аянты.
1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: | Ш.Мукушов |