Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын IV сессиясы
2025-жылынын 21-февралы №25
«Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн сунушу жана Абды Суеркулов айылдык кенешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылынын Барын участогундагы жайыт жер аянтынан көп жылдык бак отургузууга трансформацияга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн сунушу жана Абды Суеркулов айылдык кенешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылынын Барын участогундагы жайыт жер аянтынан көп жылдык бак отургузууга трансформацияга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын IV сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн сунушу жана Абды Суеркулов айылдык кенешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 13.02.2025-жылдагы №1-отурумунун корутундусунун негизинде Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылынын Барын участогундагы жайыт жер аянтынан көп жылдык бак отургузууга трансформацияга төмөндөгү контурлардагы жер аянттарына макулдук берилсин:
-№3010-контурунан 1,7га жер аянтына;
-№3011 –контурунан 12,0га жер аянтына;
-№3012 –контурунан 1,8га жер аянтына;
-№3013 –контурунан 0,8га жер аянтына;
-№3014 –контурунан 2,5га жер аянтына;
-№3015 –контурунан 2,9га жер аянтына;
-№3016-контурунан 0,6га жер аянтына;
-№3017-контурунан 0,2га жер аянтына;
-№3018-контурунан 4,7га жер аянтына;
-№3129 –контурунан 4,7га жер аянтына;
-№3130 –контурунан 0,1га жер аянтына;
-№3131 –контурунан 1,1га жер аянтына;
-№3132 –контурунан 1,6га жер аянтына;
-№3133 –контурунан 1,4га жер аянтына;
-№3134 –контурунан 0,8га жер аянтына;
-№3135 –контурунан 2,5га жер аянтына;
-№3136-контурунан 0,9га жер аянтына;
-№3137-контурунан 0,1га жер аянтына;
-№3138-контурунан 2,6га жер аянтына;
-№3139-контурунан 3,4га жер аянтына;
-№3140-контурунан 0,3га жер аянтына;
-№3142-контурунан 0,1га жер аянты
-№3143-контурунан 0,8га жер аянтына;
-№3146-контурунан 1,2га жер аянтына;
-№3148 –контурунан 0,7га жер аянтына;
-№3150-контурунан 0,1га жер аянты
Жалпы 49,6га жер аянты.
1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: | Ш.Мукушов |