Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-марты №43
Ак-Суу айылында жайгашкан жеке менчикке таандык 3 (үч) объектини
айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Кыдыров Дуйшембек Шакировичтин жеке менчигине таандык болгон 3 (үч) объектини Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесине таянып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1.Төмөндөгү жеке менчикке таандык болгон 3 (үч) объектини айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин:
- Ак-Суу айылынын Чкалов көчөсүнүн №80а дарегинде жайгашкан от жагуучу жайды (котельная) индентификациялык коду 2-01-17-1001-1563, аянты 324,0 чарчы метр аянты, жалпы жер участканын аянты 1099,0 чарчы метр;
- Ак-Суу айылынын Кыдыр Аке көчөсүнүн номери жок дарегинде жайгашкан административдик имаратты идентификациялык коду 2-01-17-1001-2533, аянты 525,4 чарчы метр, жалпы жер участканын аянты 7256,7 чарчы метр;
- Алмалуу коктусунда жайгашкан “Медер жана ЭМБ” медициналык комплекси идентификациялык коду 2-01-19-0002-0009-01, аянты 55,73 чарчы метр, жалпы жер участканын аянты 186,0 чарчы метр.
2. Айыл өкмөтү менен жеке жактын ортосунда сатуу-сатып алуу келишими түзүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Ак-Суу филиалынан 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүлсүн.
4. Жогоруда аталган 3 объект муниципалдык мүлк катары кабыл алынып, мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизилсин.
5. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов