Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын IV сессиясы
2025-жылынын 21-февралы №26
«Абды Суеркулов айыл аймагынын жарандарынан келип түшкөн жер боюнча арыз, кайрылууларды кароо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл аймагынын жарандарынан келип түшкөн жер боюнча арыз, кайрылууларды кароо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын IV сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл аймагынын жарандарынан Абды Суеркулов айылдык кеӊешине келип түшкөн жерлерди трансформациялоого макулдук берүү боюнча арыз, кайрылуулар Абды Суеркулов айыл өкмөтүнөн жердин аянты, контур номери, күрдүүлүгү аныкталып сунушталгандан кийин каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук, этика маселеси, атуулдардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: | Ш.Мукушов |