Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын IV сессиясы
2025-жылынын 21-февралы №27
« Абды Суеркулов айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби боюнча типтүү Жобону бекитүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби боюнча Типтүү Жобону бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын IV сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби боюнча типтүү Жобо бекитилсин. Тиркеме 3 баракта 2 нускада.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук, этика маселеси, атуулдардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, дин иштери жана жаштар саясаты боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: | Ш.Мукушов |
| Бекитилди Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын IV сессиясынын 21-февраль 2025-жылдагы №27- токтому Тиркеме |
Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Абды Суеркулов айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби боюнча
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Маркумдарды эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1. Жергиликтүү комиссия
Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкерчиликке, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Айыл аймагында, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын, буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда жана калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
А) үйлөнүү тойлору боюнча :
- той кечки саат 18-00 дөн кечиктирилбестен башталып, түнкү 23-00 до аяктоого тийиш.
- тойго чакырылгандардын саны чектелбейт бирок ашыкча ысырапкорчулуксуз , ашыкча чыгымсыз өткөрүү сунушталат;
-жаш жуубайлардын жарандык абалын жаздыруу актысына (ЗАГС) чыгууга жана башка иш- чараларына ( сейилдөөгө чыгууга) автоунаалардын саны 3 бирдиктен ашпоого тийиш;
- үйлөнүү тоюн алып баруучусуна улуттук каада-салтка туура келбеген маданиятсыз оюн-зоокторду өткөрүүгө тыюу салынат.
4. Маркумдарды эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
-Маркумдарды акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулукка жол берилбейт. (Дасторконго мөмө-жемиш, салат, кургатылган жемиштер ж.б. ашыкча нерсе коюлбайт)
-Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында сөөк чыккан жерде мал жандык союлбайт. Алыстан келген меймандар, куда сөөктөр үчүн кошунанын же жакын тууганынын үйүндөашыкча ысырапкерчилик келтирилбей узатылат;
-бейшембилик,жетилик, кыркылык өткөрүлбөйт;
- мүмкүнчүлүккө жараша каалаган учурда маркумга куранокутуу өткөрүүгө болот;
-маркумга карата кошок кошучуларды жалдоого,кыздарынын ак-көк кийүүсүнө, тон жабууга , кийит илүүгө жана жыртыш берүүгө тыюу салынат;
- Сөөк коюуда жана аза кутүү учурунда спирттик ичимдиктерди ичүүгө, куюуга, мас абалында келүүгө, жүрүүгө тыюу салынат;
- аза күткөн, кайгыга кабылган, жакыр, жетим-жесир абалдагы үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иштерин уюштуруп, акча каражатжагынан жардамдарды берүү колдоого алынат;
-маркумдарга эстелик тургузууда таштан, граниттен, мрамордон , металлдан жасалган манументтерди , статуяларларды тургузууга тыюу салынат, мүрзөлөрдөгү коюлуучу эстеликти, тосмолорун жыгач материалдан бийиктиги 0,70 см ашпоосу керек;
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары.
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына Президенттин облустагы өкүлү, райондун акими, айыл өкмөтүнүн башчысы, облустук комиссия жана республикалык маанидеги шаардын комиссиясы, райондук комиссия жана облустук маанидеги шаардын комиссиясы, жергиликтүү комиссия кирет.
Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө, аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
6.1. Жобонун тартиптери бузулган учурда ар бир жаран Абды Суеркулов айыл өкмөтүндөгү каада-салт, диний ырым-жырым маселелери боюнча жергиликтүү комиссиянын ар бир мүчөсү комиссиянын төрагасына маалымдайт;
6.2. Жергиликтүү комиссия мүчөлөрү үй-бүлөлүк салтанаттары жана маркумдарды эскерүү үрп адаттары өткөрүлүп жаткан жерлерге чогуу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, иш-чара өткөрүп жаткан адамга жобонун талаптарын тааныштырып, ал туралуу журналга кол койдурат. Жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт.Жобонун талаптары бузулган учурда акт түзүлөт, ал туралуу комиссияда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата чара ( акт, коомдук уяткаруу чарасы)көрүлөт.
6.3. Айыл аймакта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп- адаттарын өткөрүү боюнча типтүү жобонун талабын бузгандыгы үчүн жарандарга жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган ( элдик курултай, айылдык жана шаардык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) 150000 (жүз элүү миң) сом айып пул салынат жана айыл өкмөтү тарабынан тийиштүү чаралар көрүлөт.