Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 11-январы № 7-3
“Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023- жылдан калган калдык акча каражатынын 2024-жылга бөлүнүшү жөнүндө”
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдан калган калдык акча каражатын 2024-жылга иштетүү боюнча Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 44-беренесинин 4 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдан бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 10030,2 миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 86,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2023-жылдан калган калдык акча каражаттан 167,41га жер тилкесин тансформация кылууга, жер мунапысынын объектилерин бүтүрүүгө керектелүүчү ишкагаздарына жана калган акча каражаттарын чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык берилсин.
3. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | Н. Жолдошов |
| Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 7-отурумунун №7-3 токтомуна № 1 тиркеме |
Н.Исанов атындагы өкмөтүнүн 2023-жылдан бюджетик счетунан жана атайын каражаттардан калган калдык акча каражаттарынын 2024-жылына чыгымдалышы
№ | Чыгашалардын аталышы | Сумма миң сом |
1 | Ноокат СЭС иканасынын кредитордук акысына | 25,4 |
2 | Ош мамлекеттик архив ишканасынын кредитордук акысына | 10,0 |
3 | ОсОО Нефтяная компания Сервис ишканасына күйчүү майдан калган аласасына | 18,3 |
4 | Айыл өкмөтүнүн кеңсесине электр жабдыктарын алууга | 200,0 |
5 | ЖПБнин 2023-жылдан калган акча каражаттарын башка чыгымдарга жумшоого | 163,6 |
6 | 167,41 га жер тилкесин трансформация кылуу үчүн гипро зем, архитектуралык жана жер мунапысына керектелүүчү иш кагаздарына | 1601,9 |
7 | Долбоор даярдаганга | 31,5 |
8 | Айыл өкмөтүнүн жаңы конуштарына ген. план чыздырууга | 1000,0 |
9 | «Омор Плюс» ишканасына айылдарга шагыл төшөөнүн кредитордук аласасына | 83,9 |
10 | Кичик-Алай айылынын ички жолдорун оңдоого | 28,7 |
11 | Көк-Бел ооруканасын оңдоого | 160,0 |
12 | Айыл аймактын ички жолдорун оңдоого | 250,0 |
13 | Федоров атындагы айылынын Карабаш участкасына агын суу насосун (мотор) алууга | 550,0 |
14 | ОАО «Завод ЖБИ-4» ишканасынан социалдык обьект курууга керектелүүчү материалдарды алуу кредитордук акысына | 482,4 |
15 | Айыл өкмөттүн кеңсесинин жанына парк курууга | 1000,0 |
16 | Жаңы-Базар айылындагы өрт өчүрүүчү имаратына | 800,0 |
17 | Федоров атындагы айылдын таза суу линиясын тартуунун өздүк салымына | 300,0 |
18 | Чеч-Дөбө айылына спорт комплексин куруунун өздүк салымына | 750,0 |
19 | Жар-Коргон айылынын таза суусуна кошумча түтүкчө тартууга | 600,0 |
20 | Федоров атындагы айылынын Б. Алибаев, Т. Үсөнбаев, Алтын-Казык, Сулайман Ата көчөлөрүнө таза суу тартууга | 490,0 |
21 | Чеч-Дөбө айылынын ички арыгына лоток сатып алууга | 1000,0 |
22 | Жаңы-Базар айылындагы социалдык обьектинин жанына мамыча жана башка чыгымдарына | 95,0 |
23 | Жаңы-Базар жана Чеч-Дөбө спорт залындагы машыгуучу аз камсыз болгон балдарга кошумча төлөөгө | 250,0 |
| Бюджеттин жалпысы | 10030,2 |
1 | Атайын каражаттарга | 86,4 |
| Жалпысы | 10116,6 |
Катчы | М.Маматов |