Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын
кезектеги 7- отурумунун (сессиясы)
2024-жылдын 11-январы № 7-4
“Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө”
Н. Исанов атындагы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын ички жашоо тиричилигинин негизги принцептерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставын бекитүү максатында айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирин угуп, талкуулап, Н. Исанов атындагы айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н: Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставы бекитилүүгө макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы М. Маматовго милдеттендирилсин.
3. Кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык Ж. Нурмаматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жолдошов |