Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын V сессиясы
2025-жылынын 24-марты №28
«Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин аймактык шайлоо комиссиясына сунуштоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин аймактык шайлоо комиссиясына сунуштоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын V сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин аймактык шайлоо комиссиясына 1-тиркемеге ылайык сунушталсын. Тиркеме 6 баракта 2нускада.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук, этика маселеси, атуулдардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага: | Ш.Мукушов |