Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 4-майы № 190
2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын
банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү
стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |