Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын V сессиясы
2025-жылынын 24-марты №29
«Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер Кодексинин 73-76 беренелерине ылайык калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн, төлөө мөөнөтүн бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер Кодексинин 73-76 беренелерине ылайык калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн, төлөө мөөнөтүн бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын V сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер Кодексинин 73-76 беренелерине ылайык калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү 1 адамга 100 сомдон бекитилсин, отчет берүү жана төлөө мөөнөтү үстүдөгү жылдын 1-июлунан белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага: | Ш.Мукушов |
|
|
|
|
|
|