Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын V сессиясы
2025-жылынын 24-марты №30
«Кара-Жыгач айылынын тургуну Тилепов Молдоболоттун кайрылуусунун негизинде Кара-Жыгач айылындагы өзүнө тиешелүү Турдалы көчөсү №18де жайгашкан мал сарай салуу үчүн жер участогунун багытын турак жай салууга өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Кара-Жыгач айылынын тургуну Тилепов Молдоболоттун кайрылуусунун негизинде Кара-Жыгач айылындагы өзүнө тиешелүү Турдалы көчөсү №18де жайгашкан мал сарай салуу үчүн жер участогунун багытын турак жай салууга өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын V сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айылынын тургуну Тилепов Молдоболоттун кайрылуусунун негизинде Кара-Жыгач айылындагы өзүнө тиешелүү Турдалы көчөсү №18де жайгашкан мал сарай салуу үчүн жер участогунун багытын турак жай салууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |