Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү IV CЕССИЯСЫ
2025-жылдын 20-февралындагы №4/4
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-декабрындагы №10/6 токтомуна өзгөртүү-толуктоо киргизүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобону бекитүү тууралуу 2017-жылдын 29-декабрындагы №10/6 токтому менен бекитилген жобосуна өзгөртүү-толуктоо киргизүүжөнүндө Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз I V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобону бекитүү туураалуу 2017-жылдын 29-декабрындагы №10/6 токтому менен бекитилген жобосу өзгөртүлүп, толукталып кабыл алынсын. (Өзгөртүлгөн жобо тиркелет)
2. Өзгөртүлүп кабыл алынган жобого ылайык иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы Э.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |