Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-марты № 114
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 107 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрүн, жоопкерчилик лимиттерин жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү, Евразия экономикалык бирлигинин рыногунда тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү максатында, "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 107 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрүн, жоопкерчилик лимиттерин жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 1-пункттун 2-пунктчасынын эскертүүсүнүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
"2. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмүн эсептөө үчүн башка мамлекетте катталган автотранспорт каражаттарынын ээлерине 1-пунктта көрсөтүлгөн коэффициенттерден тышкары 2,2 өлчөмүндөгү коэффициент кошумча колдонулат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |