Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын V сессиясы
2025-жылынын 24-марты №31
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосуна ылайык жана Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн курулуп калган курулуштарын мыйзамдаштыруу боюнча жер мунапысы жүргүзүп жаткан мезгил учурунда кайрыла албай калган жарандардын кайрылуусун эске алып, курулуп калган курулуштарынын жер аянттарын жайыт категориясынан турак жай категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосуна ылайык жана Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн курулуп калган курулуштарын мыйзамдаштыруу боюнча жер мунапысы жүргүзүп жаткан мезгил учурунда кайрыла албай калган жарандардын кайрылуусун эске алып, курулуп калган курулуштарынын жер аянттарын жайыт категориясынан турак жай категориясына которууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын V сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн курулуп калган курулуштарын мыйзамдаштыруу боюнча жер мунапысы жүргүзүп жаткан мезгил учурунда кайрыла албай калган жарандардын кайрылуусун эске алып, курулуп калган курулуштарынын жер аянттарынын төмөндөгү контурдагы жалпы 2,55га жайыт категориясындагы жер аянтарын турак-жай категориясындагы жер аянттарына которууга макулдук берилсин:
-Абды Суеркулов айыл аймагындагы № 708, 3785, 3448, 3781, 3908, 1587, 792, 789, 790-контурдагы 0,30га жер аянттары;
-Торкен айылынын Капчыгай участогундагы №1025,1026-контурдагы 0,30га жер аянттары;
-Торкен айылынын Кара-Булак участогундагы №1581, 1582, 1680, 1609, 1602, 1604, 1608-контурундагы 0,30га жер аянттары;
-Торкен айылынын Борду-Кыя участогундагы №4237-контурундагы 0,15га жер аянты;
-Торкен айылынын Бос-Тектир участогундагы №3019-контурундагы 0,15га жер аянты;
-Торкен айылынын Бөрү-Булак участогундагы №3669, 3667, 3673-контурундагы 0,15га жер аянттары;
-Көтөрмө айылынын №3670, 3672, 3671, 3514, 3513, 482, 462, 569-контурдагы 0,45га жер аянттары;
-Көтөрмө айылынын Тоскоол участогундагы №4470, 4474, 4471, 4462, 4460, 452, 453-контурундагы 0,75га жер аянттары;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |