Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 145 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын (мындан ары - кызматчылар) донорлордун(*) каражаттарынын эсебинен окутууга жиберүү боюнча мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибин жөнгө салат.
2. Бул Жобонун максаты болуп окутуунун ачыктыгын камсыз кылуу, окутуунун кайталанышын жоюу, кызматчыларды чет өлкөдө окутуу процессинде алган билимдерин жана көндүмдөрүн натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле алардын мамлекеттин алдындагы милдеттенмелерин аткаруусу болуп саналат.
3. Донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу чет өлкөлөрдө да, Кыргыз Республикасынын аймагында да жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- үч айга чейинки мөөнөттө кыска мөөнөттүү окутуу программаларын;
- үч айдан бир жылга чейинки мөөнөттө орто мөөнөттүү окутуу программаларын;
- бир жана андан ашык жыл мөөнөттө узак мөөнөттүү окутуу программаларын.
5. Бул Жобо иштеп жаткан долбоорлордун алкагында окутууга жиберилген кызматчыларды окутууга жайылтылбайт, алар боюнча мамлекеттик органдар (мындан ары - маморгандар) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) түзүлгөн макулдашууларга/келишимдерге ылайык аткаруучу агенттиктер катары чыгат.
2-глава. Донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу маселелери боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартиби
6. Донорлордун каражаттарынын эсебинен жалпы багыт боюнча окутуу маселелерин координациялоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясат маселелери боюнча мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан ишке ашырылат.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган окутуу маселелерин координациялоону мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБОнун өкүлдөрүнүн, донордук жана эксперттик коомчулуктун макулдашуу боюнча катышуусу менен Кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо боюнча кеңешти (мындан ары - Кеңеш) түзүү жолу менен ишке ашырат.
Кеңештин жеке курамы Кеңештин төрагасы болуп эсептелген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
8. Кеңеш донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну пландоо, натыйжалуулугун талдоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу аркылуу координациялоону жүзөгө ашырат. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
9. Донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу маселелери боюнча Кеңеш чыгарган чечимдер жана сунуштар төмөнкү органдар тарабынан эске алынат:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен окутуу үчүн мамлекеттик заказдын долбоорун түзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;
- окутуунун ведомстволук планын түзүүдө жана донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууга талапкерлерди тандоодо маморгандар жана ЖӨБО тарабынан.
10. Кызматчылардын донорлордун эсебинен окутууга тиешелүү маселелер боюнча эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен донорлордун ортосунда түзүлөт.
11. Жалпы багыт боюнча окутуу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык тизмек боюнча ишке ашырылат.
Тизмек маморгандардын жана ЖӨБОнун кызматчыларды окутуудагы жыл сайын аныкталган муктаждыктарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан толукталышы мүмкүн.
12. Донорлордун каражаттарынын эсебинен ведомстволук багыт боюнча окутууга кызматчыларды тандоо жана жиберүү маморгандар жана ЖӨБО тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.
3-глава. Донорлордун каражаттарынын эсебинен кызматчыларды окутуу боюнча ишти уюштуруу
13. Маморгандар жана ЖӨБО донорлордон кызматчыларды жалпы багыт боюнча окутууга маалыматты жана/же чакырууларды алгандан кийин беш жумуш күндөн кечиктирбестен аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет жана донорлорго кабарлайт.
Маалыматтар жана/же чакыруулар ведомстволук сайтта көрсөтүлгөн даректеги электрондук почта боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилиши мүмкүн.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдыдагы окутуу жөнүндө маалыматты алгандан кийин мамлекеттик органдарга жана ЖӨБОго талапкерлерге суроо-талап жиберет.
15. Маморгандардын жана ЖӨБОнун кадрдык бөлүмдөрү муктаждыктардын негизинде жана окутуунун ведомстволук планына ылайык талапкерлерди тандашат.
16. Окутуудагы муктаждыктарды аныктоодо жана талапкерлерди тандоодо тармакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана улуттук өнүгүү программаларын ишке ашыруу боюнча чараларды эске алуу зарыл.
17. Тандалып алынган талапкерлердин тизмеси суроо-талапты алгандан кийин он жумуш күндөн кечиктирбестен маморгандар жана ЖӨБО тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талапкерлердин акыркы тизмесин түзөт жана кароо үчүн донорлорго, ошондой эле маалымат үчүн тышкы иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтөт.
19. Окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында маморгандардын жана ЖӨБОнун кадрдык бөлүмдөрү донорлордун каражаттарынын эсебинен өткөрүлгөн окутуу курстарына талдоо жүргүзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды берет.
20. Өткөрүлгөн окутуу курстарын маморгандардын жана ЖӨБОнун окутууга муктаждыктары, маморгандардын жана ЖӨБОнун тармактык максаттары жана милдеттери, ошондой эле улуттук өнүгүү программаларын ишке ашыруу боюнча чаралары менен салыштыруунун негизинде талдоо жүргүзүлөт.
21. Маморгандар жана ЖӨБО кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу жөнүндө отчетту жана ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлгөн талдоонун натыйжаларын жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыктары боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин электрондук жана кагаз түрүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырышат.
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маморгандардан жана ЖӨБОдон алынган окутуу жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматтын негизинде кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууга жалпыланган талдоо жүргүзүп, жалпы сунуштарды иштеп чыгат.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өткөрүлгөн окутуу курстары боюнча жалпыланган маалыматты, талдоону, кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды Кеңештин талкуусуна жана кароосуна киргизет.
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган донорлордун каражаттарынын эсебинен окутулган кызматчылардын маалымат базасын жүргүзөт.
25. Кызматчыны донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу кайра даярдоодон өтүү же квалификациясын жогорулатуу катары каралат.
4-глава. Кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууга жиберүүнүн тартиби жана негизги шарттары
26. Кызматчыларды окутуу үчүн тандоодо төмөнкү негизги шарттар аткарылууга тийиш:
- мамлекеттик жарандык кызматта жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы, эгерде окуу мөөнөтү үч айдан ашык болсо;
- мамлекеттик жарандык кызматта жана/же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес иш стажы, эгерде окуунун узактыгы бир жылдан ашык болсо;
- талапкердин кызматтык жана функционалдык милдеттери окуу программаларынын темаларына шайкеш келүүгө, маморгандын жана ЖӨБОнун максаттарына жана милдеттерине, ошондой эле анын окутууга болгон муктаждыктарына жооп берүүгө тийиш.
27. Кызматчы окууга маморгандын жана ЖӨБОнун жетекчисинин буйругунун негизинде жиберилет.
28. Кызматчыны донорлордун каражаттарынын эсебинен окууга жөнөтүүдө жөнөтүүчү маморган жана ЖӨБО ага окуу мезгилине калтырат:
- иштеген жерин (кызматын);
- эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында башкасы белгиленбесе, окуу мөөнөтү үч айдан ашпаса, иштеген жери боюнча орточо айлык эмгек акысын.
29. Кызматчынын окуу мезгили мамлекеттик жарандык кызматтын же муниципалдык кызматтын стажына кошулат.
30. Кызматчыны үч айдан ашык мөөнөткө окууга жөнөтүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кызматчынын, ошондой эле маморган жана ЖӨБОнун ортосунда тараптардын укуктарын жана милдеттерин аныктоочу келишим түзүлөт.
31. Маморган жана ЖӨБО ушул Келишимдин жоболорун жана келишимди аткарбаган учурда, маморгандын жана ЖӨБОнун жетекчиси Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
32. Кызматчы окутуу аяктагандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
- үч айдан ашык окутуу мөөнөтүндө - эгерде келишимде башкача белгиленбесе, мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иштөөгө;
- бир жылдан ашык окутуу мөөнөтүндө - мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес, анын ичинде аны окууга жиберген маморганда жана ЖӨБОдө бир жылдан кем эмес иштөөгө, эгерде келишимде башкача каралбаса;
- эгерде окутуу мөөнөтү эки жыл жана андан ашык болсо, мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта үч жылдан кем эмес, анын ичинде аны окууга жиберген маморганда жана ЖӨБОдө бир жылдан кем эмес иштөөгө, эгерде келишимде башкача каралбаса;
- маморгандын жана ЖӨБОнун жетекчилигине эки жумалык мөөнөттө отчетту, окутуу программасын жана тийиштүү окуудан өткөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн (диплом, сертификат, күбөлүк ж.б.) берүүгө;
- алынган тажрыйбаны жана билимди маморгандын жана ЖӨБОнун башка кызматчыларына жайылтуу жана берүү максатында окуу семинарын же маалыматтык презентацияны өткөрүүгө.
33. Окутууну аяктагандан кийин кызматчыга убактылуу жок болгон кызматчыны алмаштыруу боюнча эмгек ишмердигин жүргүзүүгө тыюу салынат.
34. Дипломдун же алган билимин тастыктаган башка документтин түп нускасы окутуу аяктагандан кийин кызматкер Кыргыз Республикасынын аймагына келгенден тартып бир айлык мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилиши керек. Дипломдун же алган билимин тастыктаган башка документтин түп нускасын сактоо жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
35. Келишимдин жана ушул Жобонун бардык милдеттенмелери аткарылгандан кийин дипломдун түп нускасы же билим алгандыгын тастыктаган башка документ кызматчыга берилет.
36. Келишимде каралган милдеттүү кызматтын мөөнөтү аяктаганга чейин кызматчынын демилгеси боюнча кызмат токтотулган учурда дипломдун же алган билимин тастыктаган документтин түп нускасы донорлордун каражаттарынын эсебинен узак окуудан өткөн кызматчыга берилбейт.
37. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-11-пункттарында белгиленген тартипте маморгандын жана ЖӨБОнун демилгеси боюнча кызмат мөөнөтү токтотулган учурда дипломдун же алган билимин тастыктаган документтин түп нускасы донорлордун эсебинен узак мөөнөттүү окутуудан өткөн кызматчыга берилбейт.
38. Кызматчы мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта окутуудан өткөндөн кийин эмгек келишиминин шарттарын аткарбаган учурда кызматчы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(*) "Донорлор" деген термин өнүгүү боюнча өнөктөштөр түшүнүлөт: донорлордун каражаттарынын эсебинен кызматчыларды окутуу боюнча программаларды ишке ашырууга катышкан донор-өлкөлөр, эл аралык уюмдар жана Кыргыз Республикасынын уюмдары.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Жалпы багыт боюнча окутуу темаларынын ТИЗМЕГИ
Жалпы багыт боюнча окутуулардын темалары:
1) мамлекеттик түзүлүш жана саясий система;
2) мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
3) мамлекеттик башкаруу;
4) мамлекеттик жарандык кызмат же муниципалдык кызмат;
5) ченемдик укуктук актылардын системасы;
6) административдик укуктун негиздери;
7) улуттук мамлекеттик программалар жана аларды ишке ашыруу;
8) жарандык интеграция;
9) мамлекеттик социалдык-экономикалык саясат;
10) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери;
11) муниципалдык кызматтын укуктук негиздери;
12) жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү;
13) муниципалдык менчикти башкаруу;
14) жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу;
15) инвестициялык жагымдуулук;
16) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
17) стратегиялык пландоо;
18) кесиптик этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү;
19) персоналды башкаруу (адам ресурстарын башкаруу) жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу;
20) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
21) натыйжалуу башкаруу көндүмдөрү жана менеджменттин негиздери;
22) долбоорлорду башкаруу;
23) аналитикалык документтерди даярдоо;
24) финансылык менеджмент;
25) мамлекеттик сатып алуулар;
26) убакытты башкаруу жана стресс-менеджмент;
27) натыйжалуу оозеки жана жазуу жүзүндө коммуникация көндүмдөрү;
28) коррупцияга каршы саясат;
29) коомчулук менен байланыш;
30) документтик камсыздоо;
31) маалыматтык технологиялар;
32) санариптик трансформация;
33) глобализация: геосаясий өлчөм;
34) кризистик башкаруу жана тобокелдиктерди башкаруу;
35) туруктуу өнүктүрүү жана экология жаатындагы мамлекеттик саясат;
36) улуттук коопсуздукту камсыздоо;
37) санариптик коопсуздук жана киберкоркунучтар;
38) башкарууда инновациялык технологиялар;
39) инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү башкаруу;
40) жарандык коом менен өз ара аракеттенүү этикасы;
41) мамлекеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
42) чоң маалыматтарды (Big Data) башкаруу жана аналитика;
43) мамлекеттик башкарууда жасалма интеллектти колдонуу;
44) социалдык өнөктөштүк жана чыр-чатактарды башкаруу;
45) лидерлик көндүмдөрдү өнүктүрүү;
46) глобалдык чакырыктардын шартында мамлекеттик башкаруу (пандемия, климаттын өзгөрүшү ж.б.);
47) экономиканын тармактарын санариптештирүү стратегияларын иштеп чыгуу;
48) ESG (экологиялык, социалдык жоопкерчилик жана башкаруу) принциптерин мамлекеттик башкарууга киргизүү;
49) жалган маалыматка жана фейк жаңылыктарга каршы күрөшүү;
50) жасалма интеллектти жана жаңы технологияларды укуктук жөнгө салуу;
51) инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды башкаруу;
52) көп улуттуу чөйрөдө маданий сабаттуулук жана башкаруу;
53) региондук деңгээлде инновациялык экосистемаларды өнүктүрүү;
54) коомдук пикирди баалоо жана башкаруу.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу жөнүндө ОТЧЕТ
Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы
_________________________________________________________________________
№ | Кызматчынын аты-жөнү | Кызматчынын кызмат орду | Донордун аталышы | Окутуу тематикасы | Өткөрүү орду | Өткөрүү мөөнөтү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Сунуштар жана сунуш-көрсөтмөлөр:
______________________________________________________________