Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 17-февралы № 84-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрине 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 309-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |