Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын V сессиясы
2025-жылынын 24-марты №32
«Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Торкен айылынын Түлкүбай-Булак участогундагы жайыт жер категориясындагы жер аянтын өнөр жайы категориясындагы жер аянтына которууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Торкен айылынын Түлкүбай-Булак участогундагы жайыт жер категориясындагы жер аянтын өнөр жайы категориясындагы жер аянтына которууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын V сессиясы токтом кылат:
1. Торкен айылынын Түлкүбай-Булак участогундагы жайыт жер категориясындагы №3925-контурдагы 0,15га жер аянтын өнөр жайы категориясындагы жер аянтына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |