Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын V сессиясы
2025-жылынын 24-марты №33
«Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Торкен айылынын Түлкүбай-Булак участогунун жайыт жер категориясындагы жер аянтын көп жылдык бак категориясындагы жер аянтына которууга макулдук берилген Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XXVI сессиясынын 9-февраль 2023-жылдагы №85-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Торкен айылынын Түлкүбай-Булак участогунун жайыт жер категориясындагы жер аянтын көп жылдык бак категориясындагы жер аянтына которууга макулдук берилген Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XXVI сессиясынын 9-февраль 2023-жылдагы №85-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын V сессиясы токтом кылат:
1. Торкен айылынын Түлкүбай-Булак участогунун жайыт жерлеринин категориясындагы жер аянтын көп жылдык бак категориясындагы жер аянтына которууга макулдук берилген Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XXVI сессиясынын 9-февраль 2023-жылдагы №85-токтомунда которууга тийиштүү жердин контур номери көрсөтүлбөй калгандыгына байланыштуу №3919 жана №3928-контурдагы жайыт жер категориясындагы жер аянттары көп жылдык бак категориясындагы жер аянттарына которууга макулдук берилсин деп өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |