Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 191 токтому менен бекитилди) |
2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция
саясатынын концепциясы
Киришүү
Миграция өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө таасирин тийгизген олуттуу фактор болуп саналат. Кыргыз Республикасы мигранттарды, анын ичинде эмгек мигранттарын тышка жиберип жаткан өлкө катары эсептелет.
Азыркы учурда жүзөгө ашырылып жаткан миграция саясатынын объекти болуп, көбүнесе, чет өлкөлөрдө жүргөн эмгек мигранттары, ал эми миграция саясатынын предмети алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо саналат.
Кыргыз Республикасындагы учурдагы миграциялык кырдаал олуттуу деңгээлде 1990-жылдардагы жана 2000-жылдардын башындагы экономикалык, демографиялык, саясий процесстер менен аныкталган. Социалдык жана экономикалык кырдаалдагы олуттуу өзгөрүүлөр саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо системаларына таасирин тийгизди.
Ушуга байланыштуу, бардык мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылуудагы бирдиктүү багытын камсыз кылуу максатында миграция саясатынын концепциялык негиздерин кайра карап чыгуу зарыл.
Миграция процесстерин жөнгө салуу жана коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (мындан ары - Улуттук стратегия) таанылган.
Улуттук стратегияда Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2015-жылдын 25-сентябрындагы № 70/1 резолюциясы менен кабыл алынган Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүүгө умтула тургандыгы белгиленген.
Мекендештердин кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар миграция процесстерин жөнгө салуу маселелери жана эмгек миграциясы маселеси Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин 2019-жылдын 2-августундагы биринчи жыйынында каралып, жыйынтыгында аны аткаруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген.
Ошондой эле жагымсыз факторлорду жумшартууга жана азайтууга багытталган миграциялык процесстерди турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ № 4 "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгы кабыл алынган.
Жогоруда аталган Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тез арада Кыргыз Республикасынын миграция саясаты концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу жана кароого киргизүү сунушталган.
2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясы (мындан ары - Концепция) миграциялык процесстерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү узак мөөнөттүү өңүт болуп саналат. Концепцияда миграция жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү максаттардын, приоритеттүү багыттардын жана милдеттердин системасы камтылат жана адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарынын корголушуна негизденет.
1. Миграция чөйрөсүндөгү кырдаалды жана көйгөйлөрдү жалпы баалоо
1-§. Демографиялык болжол жана миграциянын келечектеги тенденцияларга тийгизген таасири
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтарына ылайык 2020-жылдын башында Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 6 млн. 523 миң адамды, анын ичинен республиканын экономикалык активдүү калкы - 2 млн. 468 миң адамды түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын калкты жайгаштыруу тармагындагы кырдаалды талдоо маалыматтарына ылайык орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерде Кыргыз Республикасынын калкынын саны өсүп турат. Өнүгүүнүн ар кандай сценарийлерине жараша калктын саны 2050-жылга карата 7,3 млн. жана 9,2 млн. адамдын ортосунда өзгөрүлүп турат. Калктын санынын олуттуу өсүшү Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын эсебинен камсыз кылынмакчы. Калктын санынын өсүшү менен эле бир убакта эмгекке жарамдуу курактагы калктын санынын бир кыйла көбөйүшү, 2020-жылдын башына карата 2,5 млн. адамдан 2030-жылга карата 4,4-4,5 млн. адамга чейин өсүшү болжолдонууда. Өлкө калкынын санынын өсүү шарттарында, анын ичинде миграциянын интенсивдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнө жараша Бишкек шаарында жана анын чет жакасында, Жалал-Абад жана Ош облустарында калктын көбөйүшү байкалат.
Кыргызстандыктардын жашоосунун узактыгы акырындык менен өсөт. Эркектердики 2030-жылга карата 69,8 жашка чейин, аялдардыкы - 77,2 жашка чейин, 2050-жылга карата тиешелүү түрдө 73,0 жана 80,2 жашка чейин узарат. 2050-жылга карата Кыргыз Республикасында улгайган адамдардын үлүшү 20 пайызга жакынды түзөт.
Бул факторду эске алсак, 2030-жылдан тартып улуу курактагы адамдардын үлүшү, демек, калктын эмгекке жарактуу курактан пенсия курагына өтүү үлүшү көбөймөкчү.
Эркектерге караганда жашоосунун бир топ узактыгынан улам эмгекке жарамдуу курактан улуу жашоочулардын негизги бөлүгүн аялдар түзүп калат.
Кыргыз Республикасында көп жылдар бою миграциялык сальдо терс бойдон калып келет. Миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматы боюнча азыркы учурда 750 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Кыргыз Республикасында сапаттуу жумуш орундарынын тартыштыгы ашыкча жумушчу күчүнүн пайда болушуна жана алардын чет өлкөлөргө кетишине түрткү берүүдө. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 50 жаштан улуу курактагы респонденттердин 20 пайызынан көбүнүн 14 жаштан улуу балдары башка өлкөлөрдө жүрүшөт, башкача айтканда, эмгекке жарамдуу калк кетип жатат.
Эмгекке жарамдуу калктын миграциясы, өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын калкынын жыныстык-курактык түзүмүндө улуураак курактагы калктын көбөйүшүнө алып келет.
Кыргыз Республикасындагы калкты жайгаштыруу жаатындагы кырдаалдык талдоонун сунуштамаларына ылайык орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерде кырдаалды начарлатып жиберүүдөн качуу максатында миграция саясатына карата мамилени өзгөртүү боюнча шашылыш чаралардын көрүлүшү зарыл.
2-§. Миграциянын негизги себептери
Эмгек миграциясы ички жана тышкы миграциядагы эң көп жана динамикалык агым бойдон калууда. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын калкы тышкы мигрант катары барган өлкөлөр, баарынан мурда, Россия Федерациясы, Казакстан жана Түркия саналат. Эмгек миграциясынын башкы себептери экономикалык жана социалдык маселелерде жатат.
Ресурстардын чектелүү шарттарында, айрыкча айыл жерлеринде, жаштардын өлкө ичиндеги же чет өлкөлөргө карай миграциясы азыркы учурда жумушка орношуунун жана өздөрүнүн социалдык статусун бекемдөөнүн бирден бир мүмкүнчүлүгү катары каралып жатат. Өлкө ичинде жумушка орношуу жана татыктуу эмгек акы алуу мүмкүнчүлүгү жаштар тарабынан турмуштук стратегиянын варианты катары каралбайт.
1990-жылдары жана 2000-жылдардын башында Кыргыз Республикасынан чыгып кеткендер мамлекеттик башкарууда, айыл чарбасында, өнөр жайда, билим берүүдө иштешкен квалификациялуу адистер болушкан.
Азыркы учурда мигранттардын көпчүлүгү - айыл жерлеринен же кичи шаарлардан келишкен квалификациясы төмөн жумушчулар болгондуктан, ишке орношуу жана төмөн киреше алуу көйгөйлөрүн тартышууда. Бирок акыркы жылдары мигранттардын арасында интеллигенция өкүлдөрүнүн, дарыгерлердин, мугалимдердин, илимпоздордун1 саны көбөйүп жатат, бул жогорку квалификациялуу адистердин өлкөдөн кетип жатышынын жаңы толкуну экендигинен кабар берет.
Кыргыз Республикасындагы заманбап миграциялык процесстердин дагы бир маанилүү тенденцияларынын бири - бул миграциянын феминизацияланышынын туруктуу процесси. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2014-жылдан тартып тышкы, ошондой эле ички миграцияга тартылган аялдардын саны эркектердин санынан кыйла көп. 2018-жылы алардын саны эркектердин санынан дээрлик 2 эсеге ашты.
Мындай фактордун себептери болуп ички эмгек рыногундагы аялдардын абалы саналат: ошол эле убакыт аралыгында экономикалык жактан активдүү калктын арасында аялдардын үлүшү төмөндөөдө, бул дароо эле ал акыркы жылдары өсүп жаткан жана 2018-жылы эркектердин үлүшүнөн ашып түшкөн жакыр аялдардын үлүшүнүн көрсөткүчүнө таасирин тийгизди.
Миграциянын себептеринин бири болуп Кыргыз Республикасында жана мигрант бара турган өлкөдөгү эмгек акынын айырмачылыгы саналат, бирок пандемиянын кесепети миграцияга экономикалык факторлор гана себеп болбостугун көрсөттү, анткени кризис учурунда акча которуулардын деңгээли төмөндөгөн, бирок кайтарым миграция көбөйгөн эмес.
Миграциянын экономикалык себептерден тышкары дагы башка себептери бар. Анын ичинде - ар кайсы өлкөлөрдө болууга, өз алдынча жашоого, жашоо чөйрөсүн өзгөртүүгө умтулуу да бар.
Өлкөлөрдүн ортосундагы саясий жана экономикалык интеграция процесстери да миграциянын деңгээлине таасирин тийгизет. Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигине кошулгандан бери өсүп жаткан эл аралык эмгек рыногунун шарттарында мигранттарды бул рынокко карай алга жылдыруу мүмкүнчүлүгү кеңейди.
Климаттын өзгөрүшү, экологиялык жагдайдын начарлашы, жаратылыш ресурстарынын деградациясы, ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар да адамдарды жашап жаткан жерин таштоого мажбур кылып, миграциялык маанайга таасирин тийгизет.
3-§. Миграция жана экономикалык өнүгүү
Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматына караганда акча которуулардын Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясына карата катышы 2011-жылдан тартып 25-30 пайызды түзүп, дүйнө жүзү боюнча эң жогоркулардын бири болуп саналат. Акча которуулардын мигранттардын үй чарбаларынын бакубат жашоосуна тийгизген таасири акча которууларды экономикага салым катары кароонун себеби болуп калды. Орточо алганда мигранттардын үй-бүлөлөрү үй чарбасынын жалпы кирешесинин жарымынан көбүн түзгөн акча которуулардын эсебинен эмгек мигранттары жок үй-бүлөлөргө караганда бир топ эле камсыз болушкан. Жакырчылыкты жоюу факторлорунун бири болуп мигранттардын акча которуулары саналат. Атап айтканда 2019-жылы жакырчылыктын деңгээли 20,1%ды түздү жана 2009-жылга салыштырганда 11,6 пайызга кыскарган.
Ошону менен катар, мигранттардын үй-бүлөлөрү которулган акчаларды негизинен муктаждыктарына, курулушка, той-топур чыгымдарына ж.б.у.с. жумшашат. Негизинен которулган акчаларды алышкан үй чарбалары салым салуу чөйрөлөрүнүн же финансы инструменттеринин ж.б.у.с. жоктугунан улам аларды инвестиция булагы катары карашпайт. Мындай жагдайдын себептеринин бири болуп калктын, анын ичинде мигранттардын финансылык сабаттуулук деңгээлинин төмөндүгү саналат. Калктын рынокто өкүм сүргөн инвестициялык инструменттер тууралуу маалымдуулугу аз.
Эмгек миграциясы жакырчылык, жумуш жана калкты киреше менен камсыз кылуу көйгөйлөрүнүн чечилиши катары, өлкөнүн экономикалык өнүгүү моделин аныктоочу элемент катары чыкпоого тийиш. Акча которуулар калктын гана эмес, ошондой эле бүтүндөй өлкөнүн экономикасынын көз карандылыгын жаратат. Акча которуулар калктын кирешесинин негизги булагы болууга тийиш эмес, ал эми тышкы миграция анын жыргалчылыгынын кепилдиги боло албайт. Мамлекет өнүктүрүү маселелерин чечүүнүн төмөнкүдөй альтернативдүү жолдорун табууга жана жүзөгө ашырууга милдеттүү: өлкө ичинде экономиканын ар кандай секторлорундагы иш менен камсыз кылууну көбөйтүү, татыктуу жумуш орундарын түзүү жана татыктуу эмгек акы төлөө.
Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу суроо-талап менен сунуштун ортосундагы диспропорция менен мүнөздөлүп, алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн туура келбегендиги сакталып, айрым кесиптер жана адистиктер боюнча квалификациялуу жумушчулар менен адистердин тартыштыгы байкалууда.
Демографиялык жагдайдын өзгөрүшүн эске алып, жумушчу күчтүн суроо-талабы менен сунушунун ортосундагы теңдешсиздикти четтетүү өлкөнүн кесиптик билим берүү мекемелеринин, иш менен камсыз кылуу кызматынын ишиндеги жаңы мамилелерди, жумушчу күчтүн сунуштоонун чоңдугунун жана кесиптик-квалификациялык түзүмүнүн божомолун камтыган кырдаалга мониторинг жүргүзүлүшүн талап кылат.
Ошону менен бирге, иш менен камсыз кылуу саясаты азыркы шарттарда өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн алкагында калктын рационалдуу ишке орношууларын камсыз кылуучу комплекстүү чаралар менен жетишсиз бекемделген. Жана эң оболу, аларга ылайык келген вакансиялар тууралуу жумушчу күчтүн маалымдар болушуна байланышкан көйгөйлөр бар. Айыл жергеси үчүн жумуш орундарынын жоктугу миграцияга түрткөн негизги фактор болуп саналат. Кыргыз Республикасында вакансиялар тууралуу маалыматтын жетишсиздигинин натыйжасында көпчүлүгү миграцияланууга (өлкөнүн башка районуна же чет өлкөгө) аргасыз, же ишсиз жүрүшөт.
Рынок механизмдерин (жеткиликтүү насыя берүү, анын ичинде чакан каржылоо, кайра окутуу ж.б.у.с.) пайдалануу менен, татыктуу эмгек шарттары бар жаңы жумуш орундарын түзүп жатышкан жергиликтүү ишкерлерге колдоо көрсөтүү зарыл. Мамлекет тарабынан калктын өзүн-өзү иш менен камсыз кылуусу жана жеке ишкердик активдүүлүгүн баштоосу үчүн механизмдер сунушталган эмес.
Өлкөдө мигранттардын, мекендештердин жана алардын бирикмелеринин каражаттарын Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө тартуу системасы өнүккөн эмес. Акча которууларды жамааттык программалар аркылуу мобилизациялоо, адатта, жергиликтүү инфратүзүмдүк долбоорлор үчүн мигранттардын өздөрүнүн күчү менен ишке ашырылат. Мигранттардын акча которууларын чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө тартуу, аларды топтолгон акча катары колдонуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу кажет.
Миграциянын экономикалык аспектилери иммиграция чөйрөсүндө болуп жаткан процесстерди эске албайт. Иммигранттардын саны жыл сайын өсүп жаткан учурда экономикалык мигранттарга жасалган мамлекеттик мамиле белгиленген эмгек квотанын чектеринде иммигранттардын эсебин алуу системасынын ачык-айкындыгынын жетишсиздиги менен чектелет. Аны оптималдаштыруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү максатында миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 2018-жылдан тартып документтерди электрондук түрдө кабыл алуу системасын ишке киргизди.
Коомдо экономикалык иммиграциянын өзүнө тартымдуулугу тууралуу маалымдуулук жок. Мисалы 2018-жылы жана 2019-жылы Кыргыз Республикасында квота жана иштегенге уруксат берүүнүн эсебинен, тиешелүүлүгүнө жараша бюджетке 52,3 жана 134,7 миллион сом түшкөн (2019-жылы квалификациясы төмөн чет өлкөлүк жумушчуларга иштегенге уруксат берүү үчүн мамлекеттик алымдын босого суммасы кыйла көбөйтүлүп, бул республикалык бюджеттин каражаттарын 134,7 млн. сом суммасында толтурууга мүмкүндүк берди).
2019-жылы чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда түзүлгөн ишканаларда Кыргыз Республикасынын 1805 жараны үчүн кошумча жумуш орундары түзүлгөн. Жалпысынан республикада чет өлкөлүк адистерди тартуучу уюмдарда, мекемелерде жана билим берүү мекемелеринде эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 37,9 миңден ашуун адамды түзөт. Ошентип Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жумуш орундарын түзүү чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жыйынтыктарынын бири болуп саналат.
Экономикалык иммиграциянын натыйжалуулугун көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасында республикага иштегени келген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын татыктуу иштөөсү, жалдануусу үчүн шарттарды контролдоо системасы жок. Чет өлкөлүк жарандар жана мекендештер үчүн Кыргыз Республикасында ишке орношуу тууралуу маалыматтын берилиши аларга Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Билим берүү иммиграциясы - Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын перспективдүү курамдык элементтеринин бири. Билим берүү кызматтарынын экспорту жаңы жумуш орундарын түзөт, мамлекеттин жана билим берүү мекемелеринин кирешесин көбөйтүп, квалификациялуу чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу мүмкүнчүлүгүн берет.
4-§. Миграциянын социалдык кесепеттери
Финансылык көйгөйлөрдү чечүү, өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнүн бакубаттыгын колдоо мүмкүнчүлүгү тышкы эмгек миграциясынын позитивдүү кесепеттерине кирет. Өлкөнүн адам потенциалын жүзөгө ашыруу үчүн маанилүү ресурс болуп, чет өлкөдө жүргөн мезгилде чет тилдерди билүү, башка маданиятка тартылуу, жаңы технологияларды жана кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүү, социалдык контакттарды кеңейтүү саналат.
Барган өлкөлөрдө легалдуу статусту жана иштегенге уруксатты алуунун кыйындыгы, укуктук сабатсыздык жумушчуларды легалдуу эмес миграцияга түртөт. Мигранттар, өзгөчө легалдуу эмес абалда жүргөндөр, биринчи кезекте, аялдар, жаштар жана балдар, мажбурлап иштетүүнүн жана адам сатуунун курмандыгы болуу тобокелдигине башкалардан көбүрөөк дуушар болушат.
Эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо көйгөйлөрүн чечүү актуалдуу. Мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү чет өлкөлөрдө медициналык тейлөө, балдар үчүн билим берүү, социалдык коргоо сыяктуу базалык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө чектелген түрдө жетүү мүмкүндүгүнө ээ.
Мигранттар менен алардын иш берүүчүлөрүнүн ортосунда эмгек келишимдеринин жоктугу эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кабыл алган өлкөлөрдө билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо кызматтарына, анын ичинде узак мөөнөттүү перспективада пенсиялык камсыздоого жетүү мүмкүндүктөрүн чектейт. Мигранттар мамлекеттик социалдык камсыздандырууга каражаттарды чегеришпейт, ал эми көпчүлүгү Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын бар экендиги тууралуу кабардар болушкан эмес.
2015-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясы ушул көйгөйлөрдү чечүү милдеттерин койду. Чечүүнүн ыкмасы болуп, Кыргыз Республикасынын жарандары легалдуу эмгектенип жаткан өлкөлөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды түзүү саналат.
2015-жылдан бери Социалдык фонд тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу жана компетенттүү органдары менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыздоо тууралуу макулдашуунун долбоору иштелди.
2019-жылдын аягында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыздоо тууралуу макулдашууга кол коюлган. Кыргыз Республикасы бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аягына чыгарды. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ортосундагы Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматы тарабынан пенсиялык каражаттарды төлөп берүү маселелери боюнча кызматташуу тууралуу меморандумдун алкагында Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматы менен кызматташат. 2020-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимге кол коюлган.
Жумушчу күчтүн агымынын кесепеттери олуттуу талдоого алынган эмес, өлкөдөн миңдеген таланттуу жана жөндөмдүү адамдар кетип жатышкандыктан, адам потенциалы төмөндөөдө. Буга квалификациялуу адистердин, билимдүү, мобилдүү жана креативдүү жаштардын агылып келишине кызыкдар болгон кабыл алуучу өлкөнүн миграция саясатынын активдүү чаралары түрткү берип турат.
Алсак, мисалы Россия Федерациясында көчүп келишкен кесипкөйлөргө, эң оболу, дарыгерлерге колдоо көрсөтүүгө багытталган бир катар чаралар кабыл алынган. Сакталып калган тенденцияларда жана Кыргыз Республикасы тарабынан көрүлгөн кандайдыр бир чаралардын жоктугунан улам өлкөнүн жакынкы перспективасында "акыл агымынын" кезектеги толкуну күтүлүүдө. Квалификациялуу дарыгерди даярдап чыгууга кеминде 15 жыл керек болорун эске алып, бул көйгөйдү чечүү үчүн шашылыш чараларды көрүү абзел.
Миграциянын социалдык жана маданий кесепеттери эске алынбай калууда. Мигранттардын, айрыкча легалдуу эместердин "саламаттыгынын босогосу", жалпысынан төмөндөөдө. Миграция демографиялык кырдаалдын балансын жана үй-бүлө институтун бузат.
Миграциялык процесстердин кесепеттери каралып жатканда тышкы эмгек мигранттарынын балдарынын көйгөйү курч бойдон калууда, акыркы жылдары алардын саны көбөйүүдө: 2014-2018-жылдардын аралыгында ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарга салыштырганда ал 16 пайызга өстү2. Өлкөдө ата-энесинин бирөө же экөө тең эмгек миграциясында жүргөн балдардын мууну өсүп чыкты. Мигранттар убактылуу жүргөн өлкөдө төрөлгөн балдардын абалы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
Мигрант аялдардын жаңы төрөлгөн балдарынан баш тарткан учурлары көбөйүп, социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аларды Кыргыз Республикасына жеткирүү боюнча атайын механизмди түзүүгө мажбур кылды. Балдарга жасалган зомбулуктун бир катар резонанстык учурлары мигранттардын балдары башкаларга караганда зомбулукка көбүрөөк кабылаарын көрсөттү, жашы жете элек балдарга жасалган жана жашы жете электер өздөрү да жасаган кылмыштардын саны өсүп жатат3.
Билим берүү системасы ички миграциянын терс кесепеттерин тартып жатат. Ири шаарлардагы бала бакчаларда жана мектептерде балдардын саны караштырылган кубаттуулуктан бир канча эсе ашып түшөт. Медициналык уюмдар жана башка социалдык объектилер чоң жүктөм менен иштөөгө аргасыз болушууда. Ошону менен бирге, ички миграция алыскы айылдарды, чек арага жакын калктуу конуштарды бош калтырып, мектептерде, ооруканаларда, бейтапканаларда кадрлардын жетишсиздигине алып келүүдө.
Ошол эле убакта, эмгекке жарамдуу курактарында иштебей эле которулган акчалардын эсебинен жашап жатышкан калктын бүтүндөй категориясы пайда болду, булар мигранттардын ата-энелери менен туугандары. Миграция көпчүлүк үй-бүлөлөрдү мигранттардын акча которууларынын эсебинен жашап калган жатып ичерлик адатка көндүрүүдө.
Башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына көчүп келишкен чет өлкөлүк жарандардын арасынан кайрылмандар өзгөчө орунду ээлеп турушат. 2016-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2022- жылдарга "Кайрылман" программасы жүзөгө ашырылып жаткандыгына карабастан, иш жүзүндө алардын бир бөлүгү жарандык жөнүндө чечимди жылдап күтүшүүдө. Алардын мамлекеттик кызматтарды алуусуна жана социалдык коргоолорго ээ болуусуна жетишерлик деңгээлде көңүл бурулбайт.
5-§. Өлкөнүн чегинен тышкары жана Кыргыз Республикасына
кайтып келген Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктарын
коргоо
Жаңы шарттарда өлкөдөн тышкары жерлерде иштөө үчүн эмгек ресурстарынын потенциалын жогорулатуу, эмгек мигранттары үчүн, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында бирдей эмгек шарттарын жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу милдетинин актуалдуулугу жогорулайт.
Мындай милдетти чечүү жолдорунун бири - бул чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу жумушка орношуу үлүшүн жогорулатуу.
Тышкы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга караштуу Маалыматтык-консультациялык борбор маалыматтык кызматты, анын ичинде чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу кызматын көрсөтөт. Кыргыз Республикасынан миграциялык агымдар барган өлкөнүн ишке орноштуруу борборлору менен мамлекеттер аралык келишимдер жана контракттар түзүлөт.
Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери чет өлкөлүк иш берүүчүлөр үчүн өлкөдөн тышкары жерлерде ишке орношууга талапкер болгондорду тандоо ишин жүргүзөт. Жумушка орноштуруу боюнча мамлекеттер аралык программалардын географиясын кеңейтүү, иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик же жеке агенттиктер аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта топтоо программалары аркылуу камтуу маселелери көп көңүл бурууну талап кылат.
Кетип жаткан мигранттардын укуктук сабаттуулугу жана маалымдуулугу өтө төмөн бойдон калууда. Эмгекчи мигрант жумушка орношууга бара турган өлкөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтары жетишсиз бойдон кетет. Мигранттар үчүн юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүк даражасы Кыргыз Республикасында да, алар барган өлкөлөрдө да өтө төмөн. Диаспора ассоциациялары Кыргыз Республикасынын жарандары жүргөн аймактардын бардыгын камтый албайт жана ушул сыяктуу иштерди жүргүзүү үчүн ресурстары жетишсиз. Чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын консулдук коргоого жетүү мүмкүндүктөрү жана камтылышы жетишсиз бойдон калууда.
Кыргыз Республикасынын шайлоо процесстерине катышууга мүмкүндүктөрү бар, чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын үлүшү дагы деле аз бойдон калууда.
Өлкөдө кайтып келип жаткан мигранттардын, айрыкча аялдардын, балдардын жана миграциянын терс тажрыйбасы бар адамдардын кайрылып келишин камсыз кылууга жана жергиликтүү жамааттардын жашоосуна туруктуу реинтеграцияланышына көмөктөшкөн атайын программалар жок. Мигранттар, айрыкча аялдар менен миграциянын терс тажрыйбасы бар адамдар тууралуу коомдук пикир терсаяктыктын жана өгөйлөөнүн жогорку деңгээли менен айырмаланат. Ал эми мигранттардын, өзгөчө аялуу топтордогулардын ролу, абалы жана муктаждыктары тууралуу маалыматтык өнөктүктөр сейрек жана натыйжасы аз.
6-§. Миграция жана коопсуздук
Жөнгө салынбаган миграциянын өсүшү адам сатуу жана мигранттарды мыйзамсыз алып кирүү үчүн өбөлгө түзөт. Миграциялык активдүүлүк көп учурда миграциялык процесстерде алардын укуктарынын сакталышы өңүтүнөн алганда өзгөчө аялуу болушкан айыл тургундары, аялдар, жаштар, балдар сыяктуу калктын социалдык-экономикалык топторун өзүнө камтыйт.
Миграция процесстерин башкаруу сапатын жакшыртуу эмгек мигранттарын мажбурлап иштетүүнүн жөнгө салынган тармактарына тартуу жана алардын көз каранды абалынан пайдаланып эксплуатациялоо, ошондой эле мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү жана чек аралык уюшулган кылмыштуулук менен байланышкан коркунучтарды азайтуу тобокелдиктеринин алдын алууга көмөктөшүүгө тийиш.
Айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашы жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери экологиялык миграцияга мажбур кылат. Миграция процесстерин күчөтүүчү өтө кеңири жайылган факторлордун ичинен таза суунун жана жердин жетишсиздигин, түшүмсүздүктү жана табигый кырсыктарды белгилешет. Бул малчылардын жана фермерлердин санынын азайышына жана алыс жерлердеги жана чек арага жакын зоналардагы аймактардын бош калышына алып келет.
Мамлекеттик органдар жана коомчулук тарабынан климаттын өзгөрүшү жана аны менен байланышкан миграция, климаттык кыйроолор жана адаптациялануу боюнча потенциалдуу чаралар тууралуу маалымдоолор жетишсиз. Ошондуктан климаттык жана башка тобокелдиктерди эсепке алуу жана интеграциялоо үчүн бир катар чараларды көрүү зарыл, ошондой эле аны кантип жеңүү тууралуу калк арасында маалымдуулукту жогорулатуу талап кылынат.
Мигранттардын арасындагы чыр-чатактардын, зордук-зомбулуктун, диний радикалдашуунун жана экстремизмдин алдын алуу маселелерине тийиштүү көңүл бурулбай келет. Эмгек миграциясында жүргөн аялдар менен кыздарга зомбулук көрсөтүү фактылары, эмгек мигранттарына карата уюшулган кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштар, аларды радикалдык диний жамааттарга, экстремисттик агымдарга ж.б. тартуу өзгөчө тынчсыздандырат.
Чакырыктардын арасынан чет өлкөлүк жарандарды интеграциялоо механизмдеринин, ошондой эле кайра келген мигранттарды реинтеграциялоо инструменттеринин жоктугун да белгилей кетүүгө болот, бул кийин мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн психологиялык жана экономикалык абалына терс таасирин тийгизет.
Ошондой эле коопсуз, тартипке келтирилген жана жөнгө салынган миграцияны камсыз кылуу максатында эл аралык кызматташтык жана глобалдык өнөктөштүк потенциалы да жетишсиз түрдө колдонулуп келет.
7-§. Миграция чөйрөсүндөгү мыйзам базасы
Көз карандысыздыкка ээ болгон мезгилдин аралыгында Кыргыз Республикасы бир катар эл аралык конвенцияларга, анын ичинде эмгек мигранттарына тиешелүү болгон Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларына кошулган. Бири-бирине ылайык келүү боюнча эл аралык, региондук жана улуттук милдеттенмелерди талдоо жана системалаштыруу азыркы учурда жок, бул алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча ишти кыйындатат. Миграция жана ага байланышкан чөйрөлөр боюнча улуттук ченемдик актыларды, анын ичинде алардын эл аралык келишимдерге ылайык келишин талдоо жана шайкеш келтирүү зарыл.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын тереңдетүүнүн алкагында мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзүлүп жатат, мисалы, билим берүү тууралуу документтерди, окумуштуулук даражаларды жана окумуштуулук наамдарды таануу, эмгекчилерди пенсия менен камсыздоо тууралуу. Миграция процесстери оор турмуштук жагдайда калган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын санынын көбөйүшүнө алып келет, бул мамлекеттен миграциянын терс социалдык кесепеттерин азайтуу максатында мыйзамдарды өзгөртүү процессинде ушул тенденциянын эске алынышын талап кылат.
Кыргыз Республикасында миграция маселелери Кыргыз Республикасынын көптөгөн мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Ошону менен бирге, өтмө тема болуп саналган миграция көптөгөн стратегиялык программалык документтерде эске алынууга жана чагылдырылууга тийиш. Миграциялык процесстер улуттук кызыкчылыктар эске алынуу менен жөнгө салынарын көңүлгө алып, учурдагы ченемдик укуктук база миграцияны чакыра турган жана коштоп жүргөн жагымсыз факторлорду стабилдештирүү жана жеңилдетүү жагына багыт алууга тийиш.
8-§. Миграция статистикасы
Миграция көйгөйүнүн актуалдуулугуна карабастан, кызыкдар мамлекеттик органдардын миграциялык кырдаалды иликтөөсүндө жана саясатты калыптандыруусунда талдоо жана божомолдоо ыкмалары пайдаланылбайт.
Кыргыз Республикасында миграция боюнча маалыматтар миграциялык агымдын толук сүрөттөлүшүн, түзүмүн жана механизмдерин алууга мүмкүндүк түзбөйт. Өлкөдө миграция боюнча статистикалык маалыматтарды (комплекстүү жана дезагрегацияланган) топтоонун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын деңгээлиндеги жана республикалык деңгээлдеги бирдиктүү улуттук системасы жок. Калктын ары-бери көчүп жүрүүсүн каттоого алуунун болгон системасы натыйжалуу эмес, анын тышкы жана ички миграциянын иш жүзүндөгү процессин чагылдырууга чамасы жетпейт. Гендердик мамилени маалыматты топтоо жана методологияларды иштеп чыгуу процессине киргизүү маанилүү милдет болуп саналат.
Ички миграциянын эсебин алуу калктын жашаган жери боюнча каттоого туруу (каттоо) системасын айкалыштырган татаал системага, ага байланган көрсөтүлүүчү негизги мамлекеттик кызматтарга: документтештирүүгө, муктаж болгон жарандарга социалдык жардамдын бардык түрлөрүн белгилөөгө, билим берүү жана медицина кызматтарына жеткиликтүүлүккө, жарандын шайлоого укуктарын ишке ашырууга негизделген.
Кыргыз Республикасына кирген жана анда калган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тууралуу маалыматтар негизги социалдык-демографиялык мүнөздөмөлөрү боюнча бөлүнүп байкоого алынбайт. Иммиграциялык контролдоо системасы жалпы жонунан модернизацияланууну, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын киришин жана болушун контролдоо системасын жакшыртууга багытталган санариптик трансформацияланууну талап кылат.
Миграция чөйрөсүндөгү кырдаалды жана көйгөйлөрдү жалпы баалоонун жогоруда көрсөтүлгөн бардык аспектилерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын негизине төмөнкүдөй мамилелер камтылды:
- миграция андан четтеп өтүүгө мүмкүн болбогон, бирок анын терс кесепеттерин азайтуу жана анын позитивдүү потенциалын толук көлөмдө өнүгүүгө пайдалануу үчүн жөнгө салуу керек боло турган объективдүү процесс;
- эмгек миграциясы тышкы факторлордун гана натыйжасы эмес, ошондой эле тышкы эмгек рыногунун таасири, өнүгүүгө коркунуч туудуруу менен улуттук экономиканы өнүктүрүү көйгөйү дагы болуп саналат. Бул биринчи кезектеги милдет катары улуттук эмгек рыногун өнүктүрүүнү, калкты ички жумуштуулук менен камсыз кылууну жана кирешелердин жетиштүү деңгээлин талап кылат;
- миграция бир катар социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдүн чечилишин камсыз кылат, жана мигранттар буга өздөрүнүн олуттуу салымын кошот. Бул аларды колдоо үчүн системаларды жана тиешелүү инфраструктураны түзүү аркылуу мамлекет тарабынан мигранттарга айкын жардам көрсөтүлүшүн талап кылат деп таануу.
Жаңы миграциялык саясаттын алкагында Кыргыз Республикасы алар Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө салым кошуп, өлкөнүн дүйнөлүк экономикалык мейкиндикке интеграцияланышына көмөктөшкөн атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек ресурстарынын өлкөсү катары таанылат.
2. Концепциянын максаты
Концепциянын максаты болуп, алдыда турган социалдык, демографиялык жана экономикалык миграцияны чакырган жана аны коштогон жагымсыз факторлорду жеңилдетүүгө жана минималдаштырууга багытталган миграциялык процесстерди стабилдештирүү, программалык аракеттердин негизинде чаржайыт жана тартипке салынбаган миграциянын алдын алуу саналат,
Концепцияны ишке ашыруу региондорду социалдык-экономикалык туруктуу өнүктүрүүгө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана адамдык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программалар менен макулдашылат.
3. Миграция саясатынын приоритеттүү багыттары жана милдеттери
Миграция саясатынын приоритеттүү багыттары бирдей мааниде болуп саналып, миграциялык саясаттын узак мөөнөттүү максаттарына, учурдагы жана алдыда боло турган социалдык, демографиялык жана экономикалык чакырыктардан, өлкөнүн социалдык-экономикалык бакубаттыгынын башкы булагы катары адамдык потенциалдын ролунан улам аныкталган.
Алардын ар биринин алкагында чечүү керек болгон приоритеттүү багыттар жана милдеттер терс факторлорду минималдаштыруу жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн миграциялык потенциалды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзмөкчү.
1-§. Өлкө жарандарынын, мекендештердин, иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында билим алуу, эмгектик, кесиптик жана маданий потенциалдарын жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруудагы шарттарын өркүндөтүү
Теңдештирилген жана квалификациялуу ички эмгек рыногун эмгекке болгон суроо-талап менен сунуштун рыноктук факторлоруна ылайык өркүндөтүү. Жаштар үчүн жогорку жана атайын орто билим берүү системасын эмгек рыногунун, анын ичинде чет өлкөлүк эмгек рыногунун орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү керектөөлөрүнө модернизациялоо (модернизация - бул эмгек рыногун талдоонун негизинде кийинки жылдарга жарандардын эмгек рыногунда эң көп талап кылынган адистиктерди өздөштүрүп, атаандаштыкка жөндөмдүү болгон адистиктерди киргизүүнү билдирет). Миграция боюнча эл аралык уюмдун изилдөөлөрүнө ылайык, көпчүлүк мигранттар техникалык кесиптерди өздөштүрүүнү каалашкан, анткени алышкан жогорку билими эмгек рыногундагы талапка ээ эмес болчу.
Кадрларды даярдоого, экономиканын ар кандай секторлорунда иш менен камсыз болууну көбөйтүүгө багытталган жагымдуу шарттарды калыптандыруу, сапаттуу жумуш орундарын түзүү жана эмгек рыногунда орун алган гендердик кодулоону азайтуу чараларын көрүү менен, Кыргыз Республикасынын экономикасынын керектөөлөрүнө ылайык калкка татыктуу эмгек акы берүү.
Кыргыз Республикасынын жарандарына өлкөнүн чегинен чыкпай туруп, дүйнө жүзү боюнча иштөөгө мүмкүндүк түзгөн жогорку технологиялар тармагында, маалымат технологиялар секторунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн дагы жаңы жумуш орундарын түзүү.
Бул системанын аялдар менен жаштар үчүн жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу менен, ички эмгек рыногунда болгон вакансиялар тууралуу жумушчу күчтү маалымдар кылуунун натыйжалуу системасын түзүү.
Аялдарды, жаштарды, аз камсыз болгондорду, көп балалуу үй-бүлөлөрдү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар бар үй-бүлөлөрдү кошо алганда, калктын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүнө багытталган чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу.
Адамдарды жашаган жерлерин таштоого мажбур кылган экологиялык факторлор, өзгөчө кырдаалдар, климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарынын деградацияланышы менен байланышкан ар кандай факторлордун жагымсыз таасирлерин минимумга жеткирүү.
Коркунучтарды жана тобокелдиктерди божомолдоонун, божомолдоо методдорун өркүндөтүүнүн, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуунун жана жоюунун негизинде калкты коргоо маселелерин чечүүгө карата комплекстүү мамилени иштеп чыгуу. Региондордо калктын, айрыкча жаштардын маданий муктаждыктарын ишке ашыруу үчүн мейкиндикти калыптандыруу.
Мектепке чейинки, мектеп, атайын жана жогорку билим берүү системасы аркылуу өз өлкөсүндө балдар менен жаштардын жана бүтүндөй калктын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга багытталган көз караштар менен кызыкчылыктар системасын калыптандыруу.
Мигранттарга карата коомдук пикирди калыптандыруу жана оң жана толеранттуу мамиле кылуу бөлүгүндө жүрүм-турум аспектилерин өзгөртүү.
2-§. Калктын, мекендештердин, иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын миграциялык потенциалын Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн пайдалануу
Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.
Мигранттар, мекендештер жана алардын бирикмелери үчүн мекенине кайтып келүүнү жана миграция процессинде алган эмгек көндүмдөрүн ишке ашырууну пландаштырууга мүмкүндүк берген шарттарды түзүү.
Чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүргөн жарандарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жарандарды пенсия менен камсыздоо системасына тартуу.
Айрыкча аялдарга көңүл буруу менен, оор тажрыйбага ээ мигранттарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча программаларды ишке киргизүү.
Мигранттарга, мекендештерге жана алардын бирикмелерине Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө инвестиция кылууга жана ыктыярдуу салым кошууга өбөлгө түзүүчү жана мүмкүндүк берүүчү жагымдуу шарттарды түзүү.
Мигранттардын, мекендештердин жана алардын бирикмелеринин потенциалын социалдык, маданий, билим берүү долбоорлорун, жергиликтүү жамааттарды жана региондорду өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга тартуу.
Келишимдик мамилелер системасы, патенттик система жана башка формалар аркылуу Кыргыз Республикасына иштегени келген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын татыктуу иштөөсү жана мыйзамдуу жалдануусу үчүн шарттарды камсыз кылуу.
Өлкө жарандарын жана мекендештерди, чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу.
Этностук кыргыздардын ("кайрылмандардын") тарыхый мекенине кайтып келишин жана туруктуу реинтеграцияланышын социалдык зарыл шарттар менен камсыз кылууга көмөктөшүү.
3-§. Өлкөдөн тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн иммигранттардын, мекендештердин жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо системасын түзүү
Ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик жана жеке агенттиктерди кошо алганда, жумушка орноштуруу боюнча мамлекеттер аралык программалардын географиясын жана Кыргыз Республикасынын жарандарын уюштуруучулук жана коопсуз тандап алуу программалары менен камтылышын кеңейтүү.
Айрыкча аялдарга жана жаштарга көңүл буруу менен мигранттардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу.
Кызыкдар болгон жактар үчүн миграциянын бардык этаптарында так жана өз убагындагы маалыматтарды берип туруу.
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө консулдук коргоонун натыйжалуулук, жеткиликтүүлүк деңгээлин, жардам берүүнү жана өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу.
Мигранттар, иммигранттар, мекендештер жана жарандыгы жок адамдар үчүн документтештирүү системасын өркүндөтүү.
Мигранттардын, иммигранттардын, жарандыгы жок адамдардын, мекендештердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн медициналык жардамды жана билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча социалдык кызматтарга, социалдык коргоо кызматтарына кодулоосуз жетүү маселелерин мамлекеттер аралык деңгээлде алдыга жылдыруу.
Барган өлкөсүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасында оор турмуштук кырдаалда турган мигранттардын балдарынын жана үй-бүлөлөрүнүн укуктарынын жана кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынан тышкары убактылуу жүргөн же жашап жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу.
4-§. Коопсуз миграциялык чөйрөнү түзүү
Коопсуз миграция чөйрөсүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында адам сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана түп-тамырынан бери жоюу, ошондой эле мигранттарды мыйзамсыз алып келүүгө каршы аракеттенүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарыл.
Калктын климаттын өзгөрүшүнө жана аларга байланыштуу болгон табигый кырсыктарга адаптациялануусу жана кесепеттерин жоюу боюнча программаларды иштеп чыгуу.
Мигранттар арасында чыр-чатактардын, зордук-зомбулуктун, диний радикалдашуунун жана экстремизмдин алдын алуу иштерин жүргүзүү.
Качкындарга жана аларга теңештирилген адамдарга көчүп-конууда, аларга медициналык жана юридикалык жардамдын көрсөтүлүшүнө, маданий адаптациялануусуна жана багыт алуусуна жана социалдык кызматтарды алуусуна көмөктөшүү.
Иммиграциялык контролдоо системасын эл аралык стандарттарга ылайык тынымсыз өркүндөтүү.
Коопсуз, тартипке келтирилген жана жөнгө салынган миграцияны камсыз кылуу максатында эл аралык кызматташтыкты жана глобалдык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча олуттуу иштерди жүргүзүү.
Миграциялык саясаттын приоритеттүү багыттарын жана милдеттерин ишке ашыруу миграция жана элди каттоо тармагын жөнгө салуучу мыйзам базасына өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатын ишке ашыруу процессинин ачыктыгы жана отчеттуулугу академиялык мамилелерди, маалыматтарды топтоонун улуттук системасын, маалыматтарды топтоону кошо алганда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнү колдонуу аркылуу камсыз кылынат:
Мындан тышкары миграция чөйрөсүндөгү мыйзам базасын өркүндөтүү сунушталат.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган, миграцияны жөнгө салуучу мыйзамдарга жана мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Миграция жаатындагы жана ага байланыштуу чөйрөлөрдөгү учурдагы ченемдик укуктук актыларга эл аралык мыйзамдарга ылайык инвентаризация жүргүзүү жана шайкеш келтирүү.
Мигранттардын потенциалын тартуу маселелеринде мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча мыйзам чараларын иштеп чыгуу.
Миграция саясатынын жүзөгө ашырылышын маалыматтык камсыздоо жана миграциялык маалыматтарды эсепке алуунун натыйжалуу системасын түзүү иштерин жүргүзүү.
Миграциялык кырдаалды иликтөөдө талдоо жана божомолдоо ыкмаларын пайдалануу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде жана республикалык деңгээлдерде миграция боюнча статистикалык маалыматтарды (комплекстүү жана дезагрегацияланган) топтоонун улуттук системасын иштеп чыгуу.
Калктын эсебин алуу жана каттоого алуу маселелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү, анын ичинде ата-энесинин камкордугусуз калган мигранттардын балдарынын эсебин алуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жоопкерчилик бөлүү.
4. Күтүлүүчү натыйжалар
Миграция саясатынын максаттарына жана жүзөгө ашырылышына жетишүүнүн натыйжалары биринчи кезекте тышкы кырдаалдардан, Кыргыз Республикасындагы ички социалдык-экономикалык жана саясий кырдаалдардан көз каранды.
Кыска мөөнөттүү мезгилде кайтма миграция жана өлкөдө жаралган социалдык жана экономикалык кырдаалдан улам эмиграциялык агымды кечеңдетүү кырдаалында кескин бурулушка жетишүү мүмкүн эмес.
Концепцияны жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан комплекстүү чаралар өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу шартында терс миграциялык тенденцияларды өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Концепциянын максатын эске алып, 2030-жылга карата миграциялык саясаттын максаттарына жетишкендикти баалоого боло турган төмөнкүдөй олуттуу натыйжаларды күтүүгө болот:
- Кыргыз Республикасынын эмгек ресурстары татыктуу эмгек шарттары бар квалификациялуу жумуш орундары менен камсыз кылынды;
- төмөнкү абсолюттук көрсөткүчтөрдүн эсебинен миграциялык баланстын нөл сальдосуна же маанилердин нөл деңгээлине жакын жетишилди;
- узак мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасынын калкынын активдүү жана пассивдүү миграциялык маанайы төмөндөдү;
- мигранттар, мекендештер жана алардын жамааттары социалдык, экономикалык, маданий жана башка долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын жана өлкөнүн региондорунун өнүгүшүнө инвестициялашат;
- Кыргыз Республикасында жеке бизнесин түптөө үчүн мигранттар тарабынан инвестицияларды тартуу боюнча шарттар жана механизмдер түзүлдү;
- ЖОЖдордун жана орто кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн өздөрүнүн алдында турган чакырыктарга адекваттуу таасир кылууга, татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк түзгөн эмгек рынокторундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү сактоого жарамдуулугу;
- чет өлкөнүн ЖОЖдорунда билим алышкан Кыргыз Республикасынын жарандарын-бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу көбөйөт, ошондой эле чет өлкөлүк адистерди жана өлкөнүн экономикасынын керектөөлөрүнө жараша, айрыкча медицина, маалыматтык технологиялар, инженерия сыяктуу багыттар боюнча окуу жайлардын чет өлкөлүк бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү жогорулады;
- экономикалык, укуктук жана административдик чараларды, ошондой эле маалыматтык кампанияларды жүргүзүүнүн жана киргизүүнүн эсебинен мигранттардын, иммигранттардын, жарандыгы жок адамдардын легалдуу жүрүшү үчүн шарттар түзүлдү;
- эмгек миграциясынын агымы диверсификацияланды жана пайдалуу экономикалык шарттар, укуктук жана социалдык кепилдиктер менен камсыз кылынды;
- мигранттар базалык социалдык кызматтар менен камтылды;
- адамдарды миграцияланууга аргасыз кылган тобокелдиктер менен коркунучтар төмөндөдү, ошондой эле миграция процессиндеги аялуу болуу факторлору азайды.
Ошону менен бирге, приоритеттүү багыттар менен милдеттердин ишке ашырылышы боюнча күтүлүүчү натыйжалар ушул Концепцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн беш жылдык иш-чаралар планынын алкагында баяндалууга тийиш.
5. Концепцияны ишке ашыруу үчүн жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Ушул Концепцияны ийгиликтүү жүзөгө ашырууга түрткү берген оңтойлуу шарттардын катарына миграция саясатына карата мамилени өзгөртүүгө жана мигранттардын чыныгы муктаждыктарына жана керектөөлөрүнө кызыккан өлкөнүн жогорку жетекчилигинин саясий эркин кошууга болот. Бул тууралуу бир катар мамлекеттик программалык документтерде гана чагылдырылбастан, өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан эл алдында чыгып сүйлөгөн учурларда да айтылган.
Ушул Концепцияны ишке ашырууда төмөнкүдөй бир катар тобокелдиктер бар:
социалдык-экономикалык: мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы (эмгек акы, эмгектин коопсуздугу, социалдык төлөмдөр ж.б.) боюнча түзүлгөн жумушчу орундар бир катар объективдүү себептерден улам Кыргыз Республикасынан барган эмгек мигранттарын кабыл алган өлкөдө болгон жумуш орундарынан артта калат. Өнүккөн өлкөлөрдүн эмгек ресурстарына болгон муктаждыгы туруктуу жана өсүп туруучу болуп саналат. Бул өлкөлөрдө миграцияны жеңилдетүүгө бир катар чаралар көрүлгөн учурда калктын миграциясынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн, бул болсо ушул Концепцияны ишке ашыруудан күтүлүп жаткан натыйжаларга жетүү мүмкүндүгүн төмөндөтөт;
маалыматтык: эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча бардык каралган чаралар, татыктуу эмгектенүү үчүн шарттардын түзүлүшү жөнүндө так жана толук маалыматтын жоктугу, алардын аткарылуу натыйжасын төмөндөтөт жана жарыяланган максаттарга жетүүдө тобокелдик жаратат;
уюштуруучулук: мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын потенциалынын жетишсиздиги миграциялык саясаттын аткарылышынын натыйжалуулугунун тобокелдигине алып келет. Тобокелдик сунушталган чаралардын формалдуу аткарылышы жана аларды жарыяланган максаттарга жетишүүгө умтулбастан аракеттенүүлөргө алып келүү менен байланышкан;
ведомстволор аралык катышуу: Концепциянын ийгиликтүү ишке ашырылышы миграция менен байланышкан процесстерге таасирин тийгизүүчү бир катар мамлекеттик мекемелердин ведомстволор аралык координациялануу мүнөзүнөн жана сапатынан көз каранды. Мисалы, жаштар саясатынын ишке ашырылышы үчүн жооптуу мамлекеттик органдар үчүн жаштардын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу ишмердиктин приоритеттүү багыттарынын бири болуп калууга тийиш. Бирок өз ара аракеттенүү ушул Концепциянын мамлекеттик органдардын планы менен жетиштүү түрдө байланышынын жоктугунан кыйындашы мүмкүн. Бир катар башка маморгандар боюнча да абал ушундай;
финансылык: бюджети аз чараларды гана аткаруу миграция саясатынын аткарылышынын жана ишке ашырылышынын комплекстүүлүгүнө зыян келтириши мүмкүн. Эмгек миграциясынын экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымы ички дүң продукциясына карата 25-30 пайызга жакын, демек мамлекеттик органдар тарабынан мигранттардын кошкон салымына жараша колдоо көрсөтүлүүгө тийиш.
Финансылык чыгымдарды талап кылган Концепциянын негизги багыттары менен милдеттеринин ишке ашырылышы ишке тиешеси бар мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында камсыз кылынат. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактары кошумча каржылоо булактарынан түзүлөт.
6. Мамлекеттик институттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын миграция саясатын ишке ашыруудагы ролу
Концепцияны ишке ашыруу процесси 2021-2030-жылдар аралыгына эсептелген. Ишке ашыруунун негизги катышуучулары болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, тармактык министрликтер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирликтери, өкмөттүк эмес уюмдар жана эл аралык уюмдар саналат. Миграция саясатын жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган Концепцияны ишке ашырууну координациялоочу орган болот.
Концепцияны жүзө ашырууга катышкандардын бардыгынын макулдашылган иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде (Өкмөттүн, министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирликтеринин, эксперттердин өкүлдөрү, ошондой эле бизнестин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар менен макулдашуу боюнча) ведомстволор аралык (кеңешүүчү) органдын иши аркылуу камсыз кылынат. Бул түзүм (Миграция боюнча координациялык кеңеш) иш-аракеттердин макулдашылуусун жана Концепциянын иш-чаралар планын ишке ашыруу жолундагы тоскоолдуктардын алып салынышын камсыз кылууну талап кылат. Концепциянын иш-чаралар планынын алкагында катышуучулардын тармактык жана локалдык максаттары менен милдеттери жөнгө салынат.
Жүзөгө ашыруу процесси төмөнкүлөрдү камтыйт:
- институттук шарттардын түзүлүшүн;
- чаралардын жана аралык натыйжалардын системалуу түрдөгү талдоосун жана баалоосун;
- финансылык камсыздоону уюштурууну;
- мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү уюштурууну, керектүү оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүнү.
Концепцияны жүзөгө ашыруунун алкагында милдеттердин ийгиликтүү чечилиши үчүн төмөнкү бир нече маанилүү институттук шарттарды камсыз кылуу зарыл:
- тышкы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын координациялоочу функциясы алдында анын приоритеттик багыттары боюнча ушул Концепцияны жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жана ролун андан ары ченемдик бекемдөө;
- Иш-чаралар планын жетиштүү түрдө ресурстук камсыз кылуу;
- бардык кызыкчылыктар топтору, жарандык коомдун уюмдары жана донордук уюмдар менен өнөктөштүк;
- чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу жана аларды ишке ашыруу процессинин ачыктыгы, аларга негизги оюнчулардын тартылуусу;
- Концепцияны жүзөгө ашыруунун үзгүлтүксүз маалыматтык-консультациялык коштолушун; жалпыга маалымдоо каражаттарында өтмө аралык натыйжалардын чагылдырылышын, процесске тартылган институттар арасында маалымат алмашуунун жөнгө салынышын, аткаруучулар үчүн консультацияларды, аларды семинарлар жана тренингдер формасында окутууну уюштуруу;
- ведомстволук талдоо бөлүмдөрүнүн, тышкы эксперттердин, улуттук жана эл аралык көз карандысыз талдоо борборлорунун күчү менен Концепцияны ишке ашыруу боюнча иштердин талдоого алынган коштолуусу;
- Концепциянын алкагында каралган реформалар боюнча стратегиялык документтерди иштеп чыгууга арналган багыттар боюнча жумушчу топторду түзүү.
7. Концепцияны жүзөгө ашыруу этаптары
Концепцияны жүзөгө ашыруу мезгилинде конкреттүү милдеттердин жана максаттардын чечилишиндеги жана жетишкендиктериндеги прогрессти чагылдырган (2021-2025-жылдар; 2026-2030-жылдар боюнча сандык жана сапаттык индикаторлор) Концепцияны жүзөгө ашыруу чаралары жана аракеттер бирдиктүү унификацияланган формада Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планында чагылдырылат.
Планда милдеттерди чечүү боюнча негизги чаралар конкреттүү чагылдырылып, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, саясий өнүгүүсүн эске алуу менен, Планды жүзөгө ашыруунун белгиленген максаттарынын, приоритеттүү багыттарынын, милдеттеринин, аларды чечүү каражаттарынын/чараларынын, мониторинг индикаторлорунун жана натыйжаларды баалоонун ортолорундагы байланышка байкоо коюлган.
Концепцияда коюлган милдеттерди конкреттүү чечүү максатында аны жүзөгө ашырууну эки баскыча кароо чечими кабыл алынды.
Биринчи этап - 2021-2025-жылдар:
- Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн беш жылдык Иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- ички жана тышкы миграция маселелерин камтыган тандап алма изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- координациялоочу органдын ролун аныктоо;
- миграция саясатын ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдарды аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитилген беш жылдык Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын негизги багыттарынын биринчи этабын ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо.
Караңыздар:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 191-т (2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын жана жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасын бекитүү тууралуу) тескемеси
Экинчи этап - 2026-2030-жылдар:
- Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн беш жылдык Иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- ички жана тышкы миграция маселелерин камтыган тандап алма изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитилген беш жылдык Иш-чаралар планын ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын негизги багыттарынын экинчи этабын ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо;
- Кыргыз Республикасынын миграция саясатын жүзөгө ашыруунун негизги стратегиялык багыттамаларын, приоритеттерин жана негизги багыттарын тактоо жана тиешелүү программаларды оңдоп-түзөө.
___________________
1 Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эмгек мигранттарынын Россиянын аймагында радикалдашуусунун себептери жана жүйөсү. Биргелешкен изилдөө. Россиянын илимдер академиясынын чыгыш таануу институту, "Поиск общих интересов" (Search for Common Ground) эл аралык өкмөттүк эмес уюму, Улуу Британиянын Коргонуу изилдөөлөрү боюнча Бириккен Королдук институту (RUSI), Москва, 2017, 19-б.
2 Мульти-индикатордук кластердик иликтөөнүн (МИКИ), Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин техникалык колдоосундагы маалыматтары.
3 "Жашы жете электер арасындагы абалга, ошондой эле 2018-жылдагы балдарга жасалган зомбулукка сереп салуу. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү башкармалыгы.