Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 25-июлундагы №4
Материалдык жардамдар жөнүндө
Акман айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айылынын тургуну Курбанбек кызы Кызжибектин кызы Камчыбекова Асеманы Туркия мамлекетине барып операция жасатууга, керектелүүчү акча каражатын сурап кайылган арызын, Кош-Коргон айылынын тургуну 2013-жылы туулган Жаныбеков Бекинур Бишкек шарында Эне-баланы коргоо ооруканасында 2024-жылдын 27-апрелде операция болгондон бери дарыланып жаткандыктан материалдык жардам көрсөтүү боюнча депутаттык топтун сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айылынын тургуну Курбанбек кызы Кызжибекке 100 000 (жүз миң) сом, Кош-Коргон айылынын тургуну Жаныбеков Бекинурга 50 000 (элүү миң)сом акча каражаты жергиликтүү бюждеттен бөлүнүп берилсин.
2. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М.М.Алкадыровко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
А.Чолпонбаев |