Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 25-июлундагы №5
Комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Акман айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы Кыргыз Республикасынын шалоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Корон аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн Мадумаров Нармамат Кадырбекович бекитилсин.
2. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн сунушталган талапкерлердин тизмеси Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
А.Чолпонбаев |