Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 25-июлундагы №7
Долбоорго макулдук берүү жөнүндө
Акман айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы Карача айылындагы Асыл балдар бакчасынын кире беришине жаандан жана күндөн коргонуучу арка формасындагы 1 144 560 сомдук чатыр куруу жөнүндө айыл өкмөттүн инвестиция боюнча адиси К.Кубатовдун долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Асыл балдар бакчасынын кире беришине жаандан жана күндөн коргонуучу арка формасындагы чатыр куруу үчүн 1 144 560 сомдук долбоору жактырылсын.
2. 114 560 сом акча каражаты 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджеттен төлөнүп берилсин.
3. Калган 1 030 000 сом акча каражаты Базар-Коргон өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
А.Чолпонбаев |