Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 25-июлундагы №8
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Акман айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы Бешик-Жон айыл тургуну Тухтахунов Саттибай Хакишовичке Акман айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө Бешик-Жон айылынын тургуну М.Тургуновдун сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Бешик-Жон айылынын тургуну эл агартуунун отличниги Тухтахунов Саттибай Хакишовичке Акман айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” нааамы ыйгарылсын.
2. Мыйзам чегинде сыйлоо барактарын даярдап уюштуруу айыл өкмөт башчысы М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
А.Чолпонбаев |