Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү IV CЕССИЯСЫ
2025-жылдын 20-февралындагы №4/5
Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын айрым жарандарга ыйгаруу жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын айрым жарандарга Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-февралындагы №4/5 токтому менен өзгөртүлүп бекитилген “Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобого ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын элдик жыйналышынын протоколу менен жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн кайрылуусунуну негизинде сунушталган жарандарды талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы Иманкулов Токтомамбет Жусубалиевичке, Иманалиев Алмасбек Мортуковичке, Жакенов Ниязбек Жакеновичке, Чоңатаев Моңолдорго , Чакиева Жээнбүбүгө ыйгарылсын.
2. Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылган жарандарды сыйлоону уюштуруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Э.Султанбек уулуна тапшырамын.
3. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | С. Бектемир уулу |