Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 25-июлундагы №10
Долбоорго макулдук берүү жөнүндө
Акман айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы Ош-Бишкек авто унаа жолунун жээгине коомдук тазалыкты сактоо үчүн сметалык баасы 389 818 (үч жүз сексен тогуз миң сегиз жүз он сегиз) сомдук таштанды таштоочу челектерди орнотуу жөнүндө айыл өкмөттүн инвестиция боюнча адиси К.Кубатовдун долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-Бишкек авто унаа жолунун жээгине коомдук тазалыкты сактоо үчүн сметалык наркы 389 818 (үч жүз сексен тогуз миң сегиз жүз он сегиз) сомдук таштанды таштоочу челектерди орнотуу долбоору жактырылсын.
2. 38 818 (отуз сегиз миң сегиз жүз он сегиз) сом акча каражаты 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджеттен төлөнүп берилсин.
3. 351 000 (үч жүз элүү бир миң) сом акча каражаты Базар-Коргон өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Алкадыровко милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
А.Чолпонбаев |