Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 25-июлундагы №11
Жаңы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Акман айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айыл аймагынын Таш-Булак жана Баймундуз айылынын Аккыз-Жон участкасындагы жаңы конуштардагы көчөгө ысым ыйгаруу боюнча угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Таш-Булак айылындагы мектептин жанындагы жаңы участкадагы көчөгө Усенов Теңирбердинин ысымы ыйгарылсын.
2. Акман айыл аймагынын Баймундуз айылындагы Аккыз-Жон участкасындагы жаңы конуштагы бош көчөгө Мырзабдиллаев Сатардын ысымы ыйгарылсын.
3. Мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
А.Чолпонбаев |