Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 25-июлундагы №12
Жол чырак (светофор) орнотуу жөнүндө
Акман айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айыл аймыгынын Жаңы-Акман айылынын негизиги жолу менен Ош-Бишкек авто унаа жолунун кесилишине демөөрчүлөрдүн жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жол чырагын (светофор) орнотуу жөнүндөгү Жаңы-Акман айылынын депутаттарынын өтүнүчүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймыгынын Жаңы-Акман айылынын негизиги жолу менен Ош-Бишкек авто унаа жолунун кесилишине жол чырагын (светофор)орнотууга макулдук берилсин.
2. 2024-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 322 000 (үч жүз жыйырма эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы өкмөт башчы М.Алкадыровко милдеттендирилсин
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
А.Чолпонбаев |