Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 25-июлундагы №15
Долбоорго макулдук берүү жөнүндө
Акман айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Акман айыл аймагынын Карача айылына 295 метр аралыктагы негизги жолду асфальттоо үчүн түрткү берүүчү грантына жалпы сметалык наркы 2 944 426 (эки миллион тогуз жүз кырк төрт миң төрт жүз жыйырма алты) сомду түзгөн долбоору даярдалып, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 294 442 сому, калган 2 649 984 сому Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан берилүүчү түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карача айылындагы 295 метр аралыктагы негизги жолун асфальттоо үчүн түрткү берүүчү грантына жалпы сметалык наркы 2 944 426 сомду түзгөн долбоору жактырылсын.
2. 294 442 сом акча каражаты Акман айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
3. 2 649 984 сом Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан берилүүчү түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттык долбоорунан суралсын.
4. Долбоорду толугу менен аткарууга, техникалык жана юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо айыл өкмөт башчысы М.Алкадыровко жүктөлсүн.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Чолпонбаев |