Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 25-июлундагы №16
Долбоорго макулдук берүү жөнүндө
Акман айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Акман айыл аймагынын Баймундуз айылындагы 425 метр аралыктагы негизги жолду асфальттоо үчүн түрткү берүүчү грантына жалпы сметалык наркы 4 752 604 сомду түзгөн долбоору даярдалып, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 1 188 151 сому, калган 3 564 453 сому Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан берилүүчү түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баймундуз айылындагы 425 метр аралыктагы негизги жолду асфальттоо үчүн түрткү берүүчү грантына жалпы сметалык наркы 4 752 604 сомду түзгөн долбоору жактырылсын.
2. 1 188 151 сом акча каражаты Акман айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
3. 3 564 453 сом Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан берилүүчү түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттык долбоорунан суралсын.
4. Долбоорду толугу менен аткарууга, техникалык жана юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо айыл өкмөт башчысы М.Алкадыровко жүктөлсүн.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Чолпонбаев |