Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 25-июлундагы №17
Долбоорго макулдук берүү жөнүндө
Акман айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Акман айыл аймагынын Акман муниципиалдык ишканасына оор техника (мусоровоз) сатып алуу үчүн жалпы сметалык наркы 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң ) сомду түзгөн, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 675 000 сому, калган 3 825 000 сому Базар-Коргон районунун өнүктүрүү фондуна даярдалган инвестиция боюнча адистин долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Акман муниципиалдык ишканасына оор техника (мусоровоз) сатып алуу үчүн Базар-Коргон өнүктүүү фондуна жалпы сметалык наркы 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң) сомду түзгөн долбоору жактырылсын.
1. 675 000 (алты жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты Акман айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. 3 825 000 (үч миллион сегиз жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты Базар-Коргон өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Долбоорду толугу менен аткарууга, техникалык жана юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо айыл өкмөт башчысы М.Алкадыровко жүктөлсүн.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Чолпонбаев |