Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү IV CЕССИЯСЫ
2025-жылдын 20-февралындагы №4/6
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ийри-Суу айылына бала бакчанын жаңы имаратын куруу үчүн муниципалдык жер аянттан жер бөлүп берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ийри-Суу айылына бала бакчанын жаңы имаратын куруу үчүн муниципалдык жер аянттан жер бөлүп берүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз I V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ийри-Суу айылына бала бакчанын жаңы имаратын куруу үчүн муниципалдык жер аянттан 0.40 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткаралышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековго жана Ийри-Суу айылынын айыл башчысы К.Дүйшөн уулна тапшырылсын.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |