Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 14-октябры № 638-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын сапарлары жана жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын сапарлары жана жүрүү тартиби жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Армения Республикасынын Өкмөтү,
эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү максатында,
өз мамлекеттеринин жарандарынын визасыз сапарларынын режимин жана тартибин укуктук жөнгө салууга умтулуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Тараптардын мамлекеттеринин жарандары чет өлкөгө чыгуу үчүн жарактуу документтеринин негизинде кирген мамлекеттин мамлекеттик чек арасынан өткөн күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына 90 (токсон) күнгө чейинки мөөнөттө үзгүлтүксүз жүрүү же бир нече жолу жүрүү үчүн кире алат, транзит менен өтө алат, чыга алат же жүрө алат.
2. Эгерде Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралса, ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жүрүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
2-берене.
1. Тараптардын биринин мамлекетинин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында убактылуу жүргөн жарандары эгерде Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында узагыраак мөөнөт каралбаса, кирген мамлекеттин компетенттүү органдарында 30 (отуз) күндүн ичинде катталуу (турган жери боюнча каттоого туруу) милдетинен бошотулат.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу жүрүү мөөнөтү экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына киргенде чек аралык контролдоо органдары тарабынан коюлган белги менен ырасталган, бир Тараптын мамлекетинин жараны экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирген датадан тартып эсептелет.
3. Тараптардын биринин мамлекетинин жараны экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында белгиленген 30 (отуз) күндөн ашык же андан узак мөөнөт жүргөн учурда, эгерде бул мамлекеттин мыйзамдарында каралса, жаран кирген мамлекеттин компетенттүү органдарында катталууга (турган жери боюнча каттоого турууга) милдеттүү.
3-берене.
1. Тараптардын биринин мамлекетинин жарандары чет өлкөгө чыгуу үчүн жарактуу болгон төмөнкү документтердин негизинде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына визасыз кире алат, транзит менен өтө алат, чыга алат жана жүрө алат:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык паспорту;
- Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта);
- Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү (Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн гана).
Армения Республикасынын жарандары үчүн:
- Армения Республикасынын жаранынын паспорту;
- Армения Республикасынын дипломатиялык паспорту;
- Армения Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы;
- Армения Республикасына кайтып келүү күбөлүгү (Армения Республикасына кайтып келүү үчүн гана).
2. Тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө ушул Макулдашуунун 12-беренесинде каралган жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып 30 (отуз) күн өткөнгө чейин жарактуу жүрүү документтеринин үлгүлөрү менен алмашат.
3. Тараптар чет өлкөлөргө сапарлар үчүн жаңы жүрүү документтери колдонууга киргизилгендиги, ошондой эле колдонуудагы документтердин өзгөргөндүгү жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча нота алмашуу аркылуу өз убагында кабарлап турат.
Тараптар аталган документтер колдонууга киргизилгенге чейин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен бул документтердин үлгүлөрү менен алмашат.
4. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөгө чыгуу үчүн жарактуу документтердин тизмегине өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун 9-беренесинин мааниси боюнча өзгөртүүлөр болуп саналбайт.
4-берене.
Тараптардын биринин мамлекетинин жарандары эл аралык каттам үчүн ачылган чек аралык өткөрүү пункттары аркылуу экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирет, чыгат, транзит менен өтөт.
5-берене.
1. Тараптардын биринин мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жүргөн убакта жүргөн мамлекеттин мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
2. Тараптардын биринин мамлекетинин аймагында жүргөн убагында анын мыйзамдарын бузган экинчи Тараптын мамлекетинин жарандары жүргөн мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптардын ар биринин өз мамлекетинин аймагында болуусу пайдасыз деп эсептелген экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынын кирүүсүнөн баш тартуу же жүрүү мөөнөтүн кыскартуу укугун чектебейт.
7-берене.
1. Тараптардын биринин мамлекетинин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында ушул Макулдашуунун 3-беренесинде көрсөтүлгөн документтерди жоготкон жарандары бул тууралуу жүргөн мамлекеттин компетенттүү органдарына дароо кабарлоого тийиш, алар документтерди жоготкондугу жөнүндө кайрылуу фактысын ырастоочу маалымкатты берет.
2. Тараптардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өз жарандыгы бар мамлекетине кайтуу күбөлүгүн берет.
8-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин аймагына кирүү, жүрүү жана чыгуу шарттарынын өзгөргөндүгү жөнүндө бул өзгөрүүлөр күчүнө киргенге чейин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу маалымдайт.
9-берене.
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алат, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
10-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүү талаш маселелер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынат.
11-берене.
1. Ар бир Тарап мамлекетинин коопсуздугун, коомдук тартипти же өз мамлекетинин калкынын саламаттыгын коргоо үчүн зарыл болсо, ушул Макулдашуунун колдонулушун толук же жарым-жартылай токтотуп турууга укуктуу.
2. Тараптар мындай чараларды көрүү жана жокко чыгаруу жөнүндө мындай чечим кабыл алынганга чейин 72 сааттан кечиктирбестен бири-бирине дароо билдиришет.
12-берене.
1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар аркылуу алган датадан тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ар бир Тарап экинчи Тарапка кабарлоо менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат. Бул учурда ушул Макулдашууну колдонуу мындай кабарлоону алган күндөн тартып 90 (токсон) күн өткөндөн кийин токтотулат.
___________ шаарында ____-жылдын "___" _________ ар бири кыргыз, армян жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Армения Республикасынын Өкмөтү үчүн |
_________________________________ |
| _________________________________ |