Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 6-марты № 117

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 "Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 858 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 "Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши жана Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:

- 48-пунктта "100000000 (жүз миллион) сом" деген сөздөр "10000000000 (он миллиард) сом" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 858 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

 

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев