Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-июлундагы № 1
Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан жаңыдан курулган жана капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имараттар жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 07.06.2023-жылдын №01-19/469 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан жаңыдан курулган жана капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имараттардын долбоор сметаларын жаңыдан карап чыгуу боюнча 12.07.2023-жылда Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин №8 буйругунун негизинде комиссия түзүлүп жана комиссиянын чечимин кароо жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 07.06.2023-жылдын №01-19/469 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан жаңыдан курулган жана капиталдык оңдоодоон өткөрүлгөн имараттардын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборунун 2022-жылдын 15-декабрындагы № АГ-2пр буйругунун негизинде жаңы коэффициент менен эсептөө боюнча комиссия түзүлүп, комиссиянын чечимин карап жана мыйзамдуулук менен иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага |
| М.Ш. Аликеев |