Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-апрели № 195
“Мамлекеттик бажы инфраструктурасы”
ачык акционердик коомунун
айрым маселелери жөнүндө
Бажы инфраструктурасын оптималдаштыруу жана натыйжалуу башкаруу, бажылык башкаруу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” жана “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасы 100 пайыз акцияларын мамлекеттин менчигинде калтыруу, коомдун уставдык капиталын белгиленген тартипте аныктоо менен “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомуна өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII “2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасын киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасын “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомуна өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин белгиленген тартипте ишке ашырсын, анын ичинде түзүлүүчү ачык акционердик коомунун уставдык капиталына андан ары салуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын активдерин инвентаризациялоо жана баалоо жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:
– төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
“41. МБК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо уюштуруучунун, акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашырат.”;
– 12-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордо уюштуруучунун, катышуучунун (акционердин) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;”;
– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:
“21) мамлекеттин атынан юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш бар чарбакер коомдордо акционердин (катышуучунун) укуктарын жүзөгө ашырууга;”.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыксын;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомун жайгаштыруу маселесин иштеп чыксын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 27 (3683) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-апрели № 195
“Мамлекеттик бажы инфраструктурасы”
ачык акционердик коомунун
айрым маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
Бажы инфраструктурасын оптималдаштыруу жана натыйжалуу башкаруу, бажылык башкаруу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” жана “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасы 100 пайыз акцияларын мамлекеттин менчигинде калтыруу, коомдун уставдык капиталын белгиленген тартипте аныктоо менен “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомуна өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII “2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасын киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасын “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомуна өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин белгиленген тартипте ишке ашырсын, анын ичинде түзүлүүчү ачык акционердик коомунун уставдык капиталына андан ары салуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын активдерин инвентаризациялоо жана баалоо жүргүзсүн.
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыксын;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомун жайгаштыруу маселесин иштеп чыксын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 27 (3683) саны менен жарыяланды