КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
2023-жылдын 14-июлундагы № 3
Кошумча план алууга уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 12.06.2023-жылдын №01-19/700 чыгыш сандуу 1-пунктунда “Интер Тоо Кен” жоопкерчигиги чектелген коом тарабынан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счётуна которулган акча каражатына кошумча план алууга уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 14.07.2023-жылдын №01-19/700 чыгыш сандуу кайрылуусунун 1-пункту эске алынсын.
2. 15.07.2023-жылда “Интер Тоо Кен” жоопкерчигиги чектелген коом тарабынан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счётуна которулган 1 645 171(бир миллион алты жүз кырк беш миң бир жүз жетимиш бир) сом акча каражатына кошумча план алуу жагы суралсын. Суралган акча каражаты төмөндөгү аткарыла турган жумуштарга жумшалсын .
- Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылындагы Ж.Ташкеев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жылытуу системасына керектелүүчү материалдарды алууга 405 100 (төрт жүз беш миң бир жүз ) сом акча каражаты
- Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу айылындагы жаңыдан курулган Фальдшердик-акушердик пунктка (ФАП) эмерек жабдуу сатып алууга 64 600 (алтымыш төрт миң алты жүз) сом акча каражаты
- Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылындагы С.Дозонов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жылытуу системасынын от казанын алмаштырууга тиешелүү акча каражаты
- Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылындагы Арзуу мектепке чейинки билим берүүчү уюмунун 06.06.2023-жылдагы № 01-14/25 чыгыш сандуу кайрылуусуна тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага |
| М.Ш. Аликеев |