Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-июлундагы № 6
Акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын сунушунун негизинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген өнүгүү иш планына кирген Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек, Чакмак-Суу, Коргон-Сай айылдарынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөөгө бөлүнгөн акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө сунуштарын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын сунушу эске алынсын.
2. Башкы-Терек айылынын ички Ак-Тилек көчөсүнө асфальт төшөөгө бөлүнгөн 3 101 300 (үч миллион бир жүз бир миң үч жүз) сом, Чакмак-Суу айылынын ички К.Кошалиев көчөсүнө асфальт төшөөгө бөлүнгөн 4 008 600 (төрт миллион сегиз миң алты жүз) сом акча каражатын Башкы-Терек айылына таза суу чыгарууга жылдырылып берилсин.
3. Башкы-Терек айылына кичи футбол аянтчасына бөлүнгөн 3 692 300 (үч миллион алты жүз токсон эки миң үч жүз) сом акча каражаты Башкы-Терек айылына таза суу чыгарууга жылдырылып берилсин.
4. Коргон-Сай айылынын ички Т.Атабаев көчөсүнө асфальт төшөөгө бөлүнгөн 17 710 400 (он жети миллион жети жүз он миң төрт жүз) сом акча каражаты Коргон-Сай айылына таза суу чыгарууга жылдырылып берилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага |
| М.Ш. Аликеев |