Редакцияот 14.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

 

2023-жылдын 14-июлундагы № 12

 

 

“Бал тил” мектепке чейинки билим берүү уюмуна акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

“Бал тил” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору З.Токтомамбетованын 12.07.2023-жылдын №23 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айылында жайгашкан “Бал тил” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча ачылган тайпага керектелүүчү тамак ашына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:

 

1. “Бал тил” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директор З.Токтомамбетованын 12.07.2023-жылдын №23 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XXVII сессиясынын № 22 токтому менен бөлүнүп берилген 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражатынан үнөмдөлгөн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты “Бал тил” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча ачылган 25 (жыйырма беш) орундуу 4 (төртүнчү) тайпадагы балдардын тамак-ашына бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев