КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
2023-жылдын 14-июлундагы № 14
Дөбүтбеков Жумадил Самарбековичке акча каражат которуп берүү жөнүндө
Кайың-Суу айылынын тургуну Дөбүтбеков Жумадил Самарбековичтин 13.07.2023-жылда ден-соолугуна байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:
1. Кайың-Суу айылынын тургуну Дөбүтбеков Жумадил Самарбековичтин 13.07.2023-жылда жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Суу айылынын тургуну Дөбүтбеков Жумадил Самарбековичтин даарыланып келүүсүнө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан 60 000 ( алтымыш миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага |
| М.Ш. Аликеев |