Загрузка документа…
КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 6-июну № 165
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 211 тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин төмөнкүдөй ыйгарым укуктары өткөрүп берилсин:
1) тиешелүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин финансылык-чарбалык камсыз кылууга байланышкан документтерге кол коюу укугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чыгымдар сметасынын чегинде финансылык каражаттарды тескөө;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик инспекторлоруна, инспекторлоруна, эксперттерине жана спичрайтерлерине өргүүлөрдү берүү маселелерине тиешелүү башка документтерге кол коюу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде кызматтык иш сапарга жиберүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматтык каттарына виза коюу, кийин иш сапардык күбөлүктөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадрдык маселелер боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан кол коюу менен.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 211 тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жок болгон учурда жогоруда аталган актыларга жана документтерге кол коюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын анын ордун алмаштыруучу орун басары тарабынан жүзөгө ашырылат;
- жогоруда аталган ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жогоруда аталган өткөрүп берилүүчү ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү чечимдерди жана документтерди өз алдынча кабыл алуу жана кол коюу укугун жокко чыгарбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинде:
- 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин өткөрүп берилген ыйгарым укуктарынын алкагында Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерине Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тиешелүү ыйгарым укуктары өткөрүп берилген Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тиешелүү орун басары кол коюуга укуктуу.".
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси
|
А.У. Жапаров |