Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-марты № 130
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 - 2-3-пункттар менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин оперативдүү башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын.
2-2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге укукту мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.
2-3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдалансын.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |