Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезектеги 7-отуруму (сессиясы)

 

2024-жылдын 11-январы № 7-6

Н. Исанов айыл аймагына улуттук фонддун жерине аукцион өткөрүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган Типтүү Жобого ылайык, Айыл чарба жерлеринин мамалекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курам түзүү боюнча айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н. Исанов айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган Типтүү Жобого ылайык, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан түзүлүп, № 1 тиркемеде көрсөтүлгөн комиссия курамы бекитилсин.

 

2 Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөн жерлерге, жаңыдан мыйзам чегинде аукцион өткөрүү комиссия курамына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Н. Жолдошов