Редакцияот 02.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезексиз 8-отуруму (сессиясы)

 

2024-жылдын 02-марты №8-1

Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы атуулдардын, калктуу конуштун ичинде жашап жаткан турак жайларын мыйзамдаштыруу жөнүндө

Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы атуулдарга жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участкалары берилип, белгисиз себептерден улам азыркы учурга чейин токтомдору чыкпай калгандыктан, Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашап келе жаткандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-32-33-статьяларын жетекчиликке алып, Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы атуулдардын калктуу конуштун ичинде жашап жаткан турак жайларын мыйзамдаштырып берүү максатында айыл өкмөт сунуштаган 2024-жылдын 02- февраль № 01-19/124 сандуу сунуш катына ылайык айылдык кеңештин сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзамдын 8-беренесинин негизинде калктуу конуш ичинде жайгашкан, системалык каттоо мезгилиндеги безхоз» болуп катталган турак-жайларды жогорудагы №21-мыйзамдын 8-беренесине ылайык мыйзамдаштыруу жөнүндөгү сунуш каты жактырылсын.

 

2.Ушул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Жолдошов