Редакцияот 02.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезексиз 8-отуруму (сессиясы)

 

2024-жылдын 02-марты №8-2

Н. Исанов айыл аймагындагы жайыттарды талкалап, жок болуусун алдын алуу жөнүндө

1.Н. Исанов айыл аймагындагы жайыттарды талкалап, жок болуусун алдын алуу максатында Араван райондук жайыт комитеттери жана токой чарба башкармалыгы менен жайытты туура пайдалануу жана жайытка өз мөөнөтүнөн эрте чыгууну токтотуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү Жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

 

2.Н. Исанов айыл аймагынын жайыттарга жергиликтүү тургундарын малдарынан башка малдарды убактылуу жайытка киргизбей туруу жөнүндө жергиликтүү малчыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин « айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жолдошов